Диктор Чынар Капарованын айылга каты. Жүнгө алмашкан Adidas, издеткен балалык

Жазылуу
Бул сапар айылга катты журналист, диктор жана окутуучу Чынар Капарова жазып, эстеди.

Ал мээнеткеч энелерин, айдоочу кылган атасын жана жалгыз бой кошунасы Тургун чоң энени эстеди. Баягы балалыкты издеп, таппай келе жатканын айтып берди.

Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Самара Токтакунованын айылга каты. Керки менен комуз чапкан кара кыз
Айылым дегенде, менин эсиме бир эмес эки айыл — киндик кан тамган, ата-бабам жердеген туулган айылым Жан-Булак, балалыктын таттуу күндөрүн өткөрүп, курбу-дос күтүп, мектепти бүткөн тайларымдын мекени — Ат-Башы эсиме келет. Ушундан уламбы, бүгүнкү күнгө чейин "Чынар биздин кыз, Жан-Булактын кызы" дешсе, башкалары "жок, Чынар Ат-башылык" деп талашып калышканы мени кубандырып, сыймыкка бөлөп келет.

Бүгүнкү катым Ат-Башыга даректелди. Дайыма ата-энем жанымда болгондуктан айылга кат жазууга мүмкүн болбоду. Анан калса, уюлдук телефон байланышы аралыкты алыстатпай калбадыбы. Ошентсе да кат жазуу салтынан пайдаланып, айылга сагынычтуу салам катымды жолдоп, эстен кеткис эрке күндөрүмдү күйөрмандарым менен бөлүшүп калууну туура көрдүм. 

© Фото / Чынар КапароваОкуучулук кездерден бир ирмем. Капарова (биринчи катарда, оңдон экинчи) катында балалыктагы бактылуу учурларды издеп, таптакыр таба албай келгендигин жазыптыр
Диктор Чынар Капарова - Sputnik Кыргызстан
Окуучулук кездерден бир ирмем. Капарова (биринчи катарда, оңдон экинчи) катында балалыктагы бактылуу учурларды издеп, таптакыр таба албай келгендигин жазыптыр

Саламатсыңбы, Ат-Башым, амансыңбы айылдаш?

Балалыгымдын бал күндөрү эмгек менен жуурулушуп, ары кызыктуу, ары пайдалуу өттү. Мал киндиктүү Ат-Башыда атамдын короосу да эселенип, уй саамай, кой кыркмай, мал жаймай салты менен чоңойдук. Жай келгени апамдын эрмеги — жүн сабамай, кийиз тепмей, шырдак жасамай, тери ашатып, көлдөлөң даярдамай. Күндүзү кийиз тепсек, кечинде шырдак шыруу. Аны да шурудай кылып тизип шырымай талабы бар эле. Азыркы кезде эстеп таң калганым, апамдын кызматта иштеп, ошол эле учурда мал карап, кийиз жасап, аялга таандык бардык милдеттерди үлгүрүп жасаганы болуптур. Бир күнү тажаган окшойм, же жалкоолукка алдырдымбы, "мага шырдак бербей эле койгулачы, мен килем эле төшөп салам үйүмө" депмин. Эми шаардагы үйүмдө ошол шырдак, көлдөлөңдөрдү күбө түшүп кетпесин деп коруп, убарамын.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Назира Мамбетованын айылга каты. Отундун үстүнө төрөлгөн наристе, камчы эңген кыз
Чоң апам. Бирлик айылынын кызы колунан көөрү төгүлгөн уз, анан калса таңдан түнгө чейин жаны тынбаган адам болчу. Короого чыкканда чоң апамдын артынан козу-улак, торпок, кулун, тооктун бардыгы ээрчип алаар эле. Бир карасаң, жүн сабап, бир туруп жип ийирип, кайра карасаң курак курап, шырдак шырып, байпак токуп, дегеле койчу, аялзатка таандык бардык иш колунан келээр эле. Чоң апам менен жайкы эс алуу да көңүлдүү өтчү. Таңкы тамагыбызга каймакка аралашкан талкан, сууга бышырылган жумуртка, көңкөнүн жаңы бышкан ысык наны, сары май, жарма… Азыр андай даамдарды издесең да таппайсың.

Эсимде. Мал-жанын айдатып, жээн, неберелерин алып жайлоого чыгып кетээр эле. Чоң апамдын чоң боз үйү, күмүш капталган ээр токуму – мунун бардыгы азыр да сакталуу. Бир күнү жайлоодо балдар балык кармоого кеттик. Кайтып келе жатсак, биздин боз үй көрүнбөйт. Бизден чоңураактар "апам кетип калды, эми бизди карышкырлар жеп кетет", — дешти. Ал бизди тамашалап коркутканы экен. Көрсө, биз жокто апам жалгыз туруштук бере албай боз үйдү шамалга алдырып жибериптир.

Эх-хх, жайлоо… ышкын, кемирчек жеген, сүт-кымыз ичкен, балык уулап, карагай сагыз кайнаткан кайталангыс күндөр. Жакында жайлоого бардым. Бирок балалыктагы бактылуу учурларды издеп, таптакыр таба албадым… 

© Фото / личный архив Чынар КапаровойКТРКнын "Ала-Тоосунан" ааламга аттанган учурлар
Диктор Чынар Капарова - Sputnik Кыргызстан
КТРКнын "Ала-Тоосунан" ааламга аттанган учурлар

"Настоящий Төкөр тас"…

Эсимде… Бардык жакшы товарлар тартыш эле. Райондук активдин, анан да соодагердин кызы катары тартыш товарларды кийип чоңойдум. Бирок айрым учурларда ата-энемдин кызматы да акыркы товарды алып кийүүгө жардам бере албай калуучу. Ошол жылдары мыкты товарлардын көбү же этке, же жүнгө алмашылып берилээр эле. Кошуна Талды-Суу айылына бир ишкер ошол кезде каны жерге тамбай турган "Адидас" спорттук кийимдерин алып келиптир. Ал да жөн сатпай, жүнгө алмашуу жолу менен берет. Үйдүн эркеси катары атамды кыйнап, "Жигулисине" кап-кап жүндөрдү жүктөтүп Талды-Сууга айдатып бардым. Кыялданган кийим колго тийип, тим эле компоём. "Опол-тоодой" эмгек менен жеткен "Адидасты" кийип мектепке барсам, ага жетпей калган балдар "Кто носит фирму Адидас, тот настоящий төкөр тас" дешип мага тийишет. Эх-хх… Жүзүмө жылмаюу тартуулаган ошол мезгил, ошол күндөр… Азыр да Төкөртасты, жинди Айшаны эстеп, андан аркы тагдырлары кандай бүттү экен деп ойлоп, ичимен аларды аяп да кетем…

Обончу жана аткаруучу, окутуучу Түмөнбай Колдошов - Sputnik Кыргызстан
Түмөнбай Колдошовдун айылга каты. Көк-Ташым, эртедир-кечтир сага барабыз...
Ошол жылдары эл керектеген товарлар, азык-түлүк, арак-шарап да тартыш эле. Апам райондук соода тармагында иштейт эле. Мектептен чыккандан кийин жардам бер дегенинен дүкөнгө келдим. Арак түштү деген кабар тез тарап, дүкөн ачыла электе кезекке тургандардын аягы көрүнбөй калыптыр. Аны соодалоо милдетин алган апамдын ошол күнкү чарчаганычы… Мектептен чыгып, "Арашан" кафесинин алдына келсем, эл кыргын-сүргүн. Ошентип, бир чоң унаа арак-шарап бир күнгө жетпей таланып кетти. Апам баштык-баштык акчаларды мага кучактатып койду. Кечке маал акчаларды ирээттеп, райондук банкка милициянын коштоосу менен барып төгүп кеттик. Апам бул тармакта иштегендиктен акча санаган күндөрүм көп болду. Арак демекчи, ошол жылдары ичимдик малга алмашылып, ал жаныбарлардын баркы кеткен. Ошондон уламбы, малдын кусуру ургансып эл да кур жалак калган эле. Азыр бирок, башка…

Ошентип менин балалыгым жүнгө алмашкан "Адидас" этке алмашылган "Мальвинка", Малдыбай байкенин мыкты товарлары, дүкөндөргө тизилген узун кезектер, айылга биринчи келген оң рулдуу иномарка, индиянын тасмалары үчүн төгүлгөн көз-жаштар, "Синкерс" жеп мактанган күндөр менен да эсимде калыптыр. 

Шекерге катырылган көкүлдөр

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ыргал Кадыралиеванын айылга каты. Шаани чоң апа, тубар көйнөктүн карызын кечтим
Жылуулуктан… сулуулук. Ат-Башынын кыраан чилдесинде үшүбөгөнүбүздү айт… Чачыбызды жасалгалап алып баш кийимсиз кеткен, капрон байпак менен чыдап мектепке жеткен кездер. Кантип үшүбөй, кантип оорубай жүргөнүбүздү азыр эстесем, таң калам. Анан калса чачка себе турган лак жок сууга шекерди эзип алып көкүлдөрдү катырган күндөр ай.

Мен музейдин директору болгондо… К. Мамбеталиев атындагы орто мектептин мыкты окуучусу катары мектеп алдындагы музейге директор болуп дайындалдым. Милдетим – мектепке келген меймандарга музейдеги экспонаттарды тааныштыруу, музейдеги эски буюмдардын абалына, тарыхый табылгалардын сакталышына жооп берүү эле. Анда мен 5-класстын окуучусу элем. Бир күнү Кытай Эл Республикасынан меймандар келип, аларга кызмат кылып калдым. Ошол эмгегим мен жөнүндө жазылган биринчи макаланын каарманы кылды. "Музейдин директору, мектеп окуучусу Чынара Капарова кытайлык меймандарды кабыл алды" деген макала мени түнү менен уктаткан жок. Анткени таң атпай мени бүт район тааныйт деген балалык мактаныч кыял бар эле… 

© Фото / Оймок-Арт студия / Адиль Рашидов"Балалыгым жүнгө алмашкан "Адидас", Малдыбай байкенин мыкты товарлары, дүкөндөргө тизилген узун кезектер, түйшүкчүл энелеримдин элестери менен эсте калды", — деп жазган катында Чынар Капарова
Диктор Чынар Капарова - Sputnik Кыргызстан
"Балалыгым жүнгө алмашкан "Адидас", Малдыбай байкенин мыкты товарлары, дүкөндөргө тизилген узун кезектер, түйшүкчүл энелеримдин элестери менен эсте калды", — деп жазган катында Чынар Капарова

"Санта Барбараны" катырган Тургун чоң апа

Тургун чоң апа биздин кошунабыз эле. Жалгыз бой жашачу. Чалынан эрте ажырап, жалгыз кызы күйөөгө кеткен. Жалгыздык жаман эмеспи, биздин үй-бүлөнү караан тутуп, улам кирип-чыгып, атам менен апам мейманга кеткенде бизге көз-баш болуп жүрдү. Анын салган бозосун Ат-Башы айылынын эли жактырып ичер эле. Күн сайын биздин үйгө "Санта Барбара" сериалы башталаар алдында кирип, ошол тасмадагы ар бир каарманга күйүп, бышып, жакшы көргөн каарманы үчүн жашып да алчу. Бир күнү апа келбей калды. Ага көнүп алыптырбыз, эмне болду деп үйүнө баш бактым. Ал "бүгүн "Санта-Барбарадагы" Сиси өлүп калышы мүмкүн, мен анын өлгөнүн чыдап көрө албайм", — десе болобу. Ошондо тасма байбичеге күчтүү таасир калтыраарын баамдагам. Кийин Тургун апа телевизордон мени күтүп көрүп жүргөнүн, мени көрүү үчүн жаңы сыналгылуу болгонун айтып, шаарга салам жолдоп турду. Өкүнгөнүм, ошол чоң апа менен коштошпой калганым…

Атамдын туфлиси

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев айылга кат жазды. 4-класстагы ый, 10 см. узарган бой
Автоунаа айдаганды атам үйрөттү. "Жигулисин" Ат-Башынын сайына барып жууп келээр элек. Тазалап, жалтыратып жууп бүткөндөн кийин айдаганды кичинеден үйрөтүп калчу. Сайга атам экөөбүз ынтымактуу кетип, келе жатканда бири-бирибизди көргүбүз келбей, таарынып кайтчубуз. Бардыгына айдоочулукту үйрөтүүдөгү пикир келишпестик күнөөлү болоор эле. Бир күнү эртең менен атам "машинаны жылытып койчу" деди, айтканын кынтыксыз аткардым. Эмнегедир жумушка эрте чыгып алган адам көчөнү бир айландырып келейин деп жөнөп кеттик. Анан мени үйгө таштап, андан ары жумушка кетти. Бир маалда үйгө телефон чалып, тезирээк туфлисин ишине жеткирип берүүнү айтты. Көрсө, атам таң атпай мени унаа айдатам деп, ошол бойдон үйдөгү тапичкеси менен ишке барып алыптыр… Иним экөөбүз дикилдеп жөө чуркап отуруп райкомдун имаратына атамдын туфлисин жеткирген күнүмдү азыр да жылмайып эстейм.

Менин кымбат айылым, сенде өткөн балалыгымдын ар бир мүнөтү баа жеткис. Сагынам, куса болом. Колуман келсе ошол күндөрдү кайра сурап алып, ошол күндөрдө түбөлүк калгым келет… Эмне демекчимин, Ат-Башым, аман бол!

Урматым менен кызыңар Чынар.

Жаңылыктар түрмөгү
0