Ысык-Көлдүн жээгине унаа менен кирбегиле! Ээнбаштык кылгандар жазаланат

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүОтдых на Бугазской косе в поселке Веселовка
Отдых на Бугазской косе в поселке Веселовка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик жана милиция менен чогуу иш алып барып жаткан Мамэкотехинспекциясы эс алуучуларды жаратылышка зыян келтирбөөгө чакырат

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгине чейин унаа кирген фактылардан кийин Мамэкотехинспекциясынын жетекчиси Канатбек Муратбеков бул сыяктуу ээнбаштык кылгандарды кармоо тапшырмасын бергендигин аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Ошол себептүү көлдүн түндүк жээгиндеги бардык эс алуу жайлары текшерүүгө алынат.

"Көлдүн жээгине чейин унаасы менен баргандары аз келгенсип, сууга үй жаныбарлары менен түшүшөт. Экологияга зыян келтирип жаткандыгы үчүн андайларга инспекторлор айып салууда. Бирок тартип бузгандар дагы деле кезигүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү бийлик жана милиция менен чогуу иш алып барып жаткан Мамэкотехинспекциясы эс алуучуларды жаратылышка зыян келтирбөөгө чакырат.

Мурдараак социалдык тармактарда көлдүн жээгине унаа менен кирген көрүнүштүн сүрөттөрү жарыяланган. Алардын биринде Volkswagen үлгүсүндөгү жолтандабас сууга чейин жетип скутерди түшүрүп жатканы көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0