ИИМ криминалдык милиция эмне иш кыларын айтты

Жазылуу
Министрликтин алдында кызматтын бардык жетекчилери дайындалды

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Криминалдык милиция эмне иш менен алектенерин ИИМден билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, президенттин ИИМди реформалоо жөнүндөгү мыйзамына ылайык министрликтин алдында алты кызмат түзүлгөн.

Награждение отличившихся сотрудников патрульной милиции - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ШИИБге жаңы жетекчи келди
Криминалдык милиция кызматы — кылмышкерлерди издеп, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшөт.

Коомдун коопсуздугун коргоо кызматы — аймактык инспекторлорду, нөөмөт бөлүмдөрүн жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясын тескейт.

Ички иликтөө кызматы өздүк коопсуздук менен бирге түзүлгөн жана ички иштер органында иштеген кызматкерлердин жүрүм-турумун, ишин карайт.

Тергөө кызматы түрдүү кылмыш иштери боюнча иш алып барып, тергөө амалдарын жүргүзөт.

Ал эми экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы менен баңгизатын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы мурдагыдай эле өз иштерин аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0