Чоң-Алайда эки оорукана курулууда

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанская инфекционная клиническая больница в Бишкеке
Республиканская инфекционная клиническая больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуштун жүрүшү министр Талантбек Батыралиевдин жеке көзөмөлүндө

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди жана Карамык айылдарында оорукана курулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган эки айылдагы ооруканалар жер титирөөдөн талкаланып, анын курулуш иштери 10-июлда башталган.

"Бүгүнкү күнү курулуш белгиленген график боюнча жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Курулуштун жүрүшү министр Талантбек Батыралиевдин жеке көзөмөлүндө. Жалданган компания имаратты мөөнөтүндө бүтүрөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0