Жүздөн ашуун чет элдик компаниялардын жарманкеси Бишкекте өтөт

Жазылуу
Жарманкеге энергия чыгарууга ылайыкташкан жабдуулар, эмеректер, айнек идиштер, айыл чарба продукциялары, деңиз азык-түлүктөрү коюлмакчы.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Борбор калаада Улуу Жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин товарларынын III көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

Оймо фестивалынын жабылышы. Ыр-бий, шат маанай - Sputnik Кыргызстан
"Оймо" фестивалынын жабылышы. Ыр-бий, шат маанай
Жүздөн ашуун өлкөлөрдүн өндүрүшчүлөрүнүн колунан чыккан буюмдар 24-26-августта кыргызстандыктарга сунуш кылынат.

Жарманкеге энергия чыгарууга ылайыкташкан жабдуулар, эмеректер, айнек идиштер, айыл чарба продукциялары, деңиз азык-түлүктөрү коюлмакчы.

Борбор калаадагы жарманкеге кошуна Кытай мамлекетинин Хубей, Синьцзянь, Гуандун, Ганьси провинцияларынын, ал эми мурдагы советтик республикалардан Казакстан, Белоруссия, Россия сыяктуу өлкөлөр катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0