Маршрутка айдоочусу жүргүнчүлөрдү түнкүсүн жарым жолго таштап кетти. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram группы omks_video
Снимок с социальной сети Instagram группы omks_video - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын алдындагы транспорт башкармалыгы айдоочунун үстүнөн кагаз түрүндө арыз түшкөнүн маалымдады

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкекте №215 маршрутканын айдоочусу жүргүнчүлөрдү жарым жолдон түшүрүп салган.

Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады. Жарыяланган видеонун алдына айдоочу жүргүнчүлөрдү унаанын эшигин сыртынан жаап коюну талап кылганы жазылган.

Таксиге акчасы болгондо такси менен эле жүрмөк элдер. Дело в том что люди сегодня примерно 23:30 ехали по домам на маршруте 215, доехав до Русс посольства мы стояли примерно 10 мин. Так как он не завершил свой маршрут видимо из за того что недостаточно набрал людей.Люди начали возмущаться и требовали что бы водитель поехал, на, что он ответил, что сам знает когда он поедет, пассажиры сказали мы ещё должны на пересадке добраться до дома ты пойми нас. Но он твердил своё как любят говорить все водители маршруток "идите тогда на такси езжайте" и упрямо стоял на своём. Там был старенький дедушка говорит "балам давай езжай столько людей тебя ждут хотят домой быстрей попасть уже очень поздно, но водитель начал оговариваться говорить, что он работает ради денег а не для "соопчулук" и вообщем понеслась…………………….и водитель сказал тогда берите деньги и уходите, все возмущённо вышли и даже этот дедушка больше всего его было жалко, он реально уже был "АК сакал " ещё и с тросточкой. Люди же не от хорошей жизни в 12 часов ночи ездят на маршрутке (С)

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video) Июл 31 2017 в 11:30 PDT

Тасманы тартып алган кишинин айтымында, окуя саат 23.30дар чамасында болгон. Айдоочу эч нерсе түшүндүрбөстөн унаасын Манас проспектиси менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен токтотуп койгон.

10 мүнөт өткөндөн кийин жүргүнчүлөр ачуулана баштаган. Ал эми айдоочу кайда, качан барарын өзү билерин айткан. Жүргүнчүлөрдүн көбү үйлөрүнө жетүү үчүн дагы башка маршруткага жетүү керек экенин түшүндүрүшкөн.

"Ал айтканынан кайтпай туруп алды. Акыры "акчаңарды алып кете бергиле" деп койду. Бардыгыбыз чыгууга аргасыз болдук. Эл жакшы жашоодон улам түнкү саат 12де маршруткада жүргөн жок да", — деп видеонун автору жазган.

Бишкек шаардык мэриянын алдындагы транспорт башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган факты текшерилип жатканын билдиришти.

"Ал айдоочуга карата кагаз түрүндө арыз келип түштү. Андагы маалыматка караганда, ал унаасын алгач Ош базарынан кийин Манас проспектисинен токтоткон. Сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Учурда маалыматты текшерип жатабыз", — деп билдиришти.

Учурда аталган роликти 77 миң адам көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0