Кислота чачылган кыздын бети эрип баратты... Бишкектик Лилиянын чет жактагы жумушу

© Sputnik / Жоомарт УраимовБизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева
Бизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ийгиликке жетиш үчүн адам өзүнө кандай суроо салышы зарыл, коучинг деген эмне, турмуштук көйгөйлөрдү кантип чечүү керек, булар боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотовага бизнес-коуч Лилия Утюшева айтып берди.

Коучинг жөнүндө эмне билесиз? Бул боюнча издегенибизде "Гугл" жер бетиндеги эң бай адамдардын тизмегин жана 21-кылымдагы талап күч болгон кесиптерге шилтемелерди чыгарат.

— Бүгүнкү күндө инсандык өсүш тренингдерин өткөрүү кеңири жайылып барат, мурда жапырт сүрөтчүлүктү өздөштүрүүгө киришсе, азыр баары коуч болууга өттү…

— Норвегия, Дания, Швецияда коучинг биринчи класстан тарта киргизилген. Мугалимдер жыйынтыкка жетишүүгө мүмкүндүк берчү тийиштүү техника, суроолордун атайын топтому боюнча машыгышат.

Родильное отделение районной больницы Музаффаргарха в провинции Пенджаб, Пакистан - Sputnik Кыргызстан
Таштан боюна бүткөндөр... Бишкектик гинекологдун Пакистандагы иш тажрыйбасынан
Фин мектептеринде билим алуунун амалы эркин, бирок балада ушул ыкмадан улам жолунда тоскоолдук жок экенин туюнткан ири ишеним пайда болот.

Мындай тутумда иш алпарган мектептер дүйнөдө эң алдыңкы сапта. Батышта бул ыкма 40, Россияда 15 жыл мурун пайда болгон, ал эми Кыргызстанда жаңыдан түптөп жатабыз. Бизде да бул кесип өрчүйт деген үмүттөмүн.

Азыркы тапта Кыргызстанда бул багытты өнүктүрүү боюнча иштеп жатам. Жаштар багытындагы эки программанын тренеримин. Бул кампанияларда 14 жаштан өйдө балдардын инсан болуп калыптанышы, кесипке багыттоо, дараметин өрчүтүү боюнча иш алпарып, кесип тандоодо бир ойго токтолушуна көмөкчү болобуз.

Күндөлүк көндүм тартипте адам кээде алектенген ишинин түпкү себебин эстен чыгара коет. Мен сыяктуу адистер максаттарын адамдын эсине салат. Студенттерибиз курс маалында максаттуу боло түшөт, өзүнүн күч-дараметине ынанат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева
Бизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева - Sputnik Кыргызстан
Бизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева

— Сиздерге кайрылган адамдар тууралуу айтып берсеңиз…

— Студенттерибизди чемпиондор деп коебуз. Жакында эле мени айран таң калтырган бир окуяны айтып берейин.

Бир топко өткөргөн үч айлык тренинг аралыгында экинчи партада кыз-жигит отурчу. Кыз менин айткандарымдын баарын жазып алат, ал эми жигит өзүн маанилүү сезип, керилип-чоюлуп лекцияны укчу. Мен тарапты карап да койчу эмес.

Исследователь из Франции Пьер Перре (в центре) - Sputnik Кыргызстан
Француз окумуштуусу Пьер Перре: кыргыз илбирстери башкача... мени өзүнө тартып турат
Ал бала менен иштөө мага өзүнчө эле чакырык сымал болду, уккандарын жазганын көрбөдүм. Ошентсе да топто абдан жандуу эле, анан да тартынып койчу эмес. Үчүнчү айды жыйынтыктап инсандык өсүш стратегиясын иштеп чыгып жатканбыз. Жанагы жигит келечек боюнча өз моделин көрсөткүсү келди. Отургучтарды, түстүү стикерлерди алды да багыттары үчүн өң тандап берүүмдү өтүндү. Ичимден орой бала экен деп, антсе да анын айтканын кылдым.

Анан ага: "Келиңиз, сиздин мезгил сызыгыңызга көз салалы" деп алып, жообу көңүлүмдү оорутту. "Мен көрө албайм, мен эч нерсе көрбөйм да…" – дебеспи жигит.

Эч нерсе болбогондой сабакты уланттым. Ал максаттарынан жай гана бөлүштү, бирок сөздөрүндө ушунча терең маани жатат десеңиз. Элестетсеңиз, үч ай бою сабагыма келип жүрүп, бир да ирет азиз экендигинен шек берген эмес!

Ал бала жаңы конуштарда Дисней Лэнд курууну кыялданат. Балдар үчүн батуттарды орнотуптур, ошол менен катар таманташ даярдоочу бизнесин да баштаган.

Көзү азиз жаш жигит көбүбүзгө караганда турмушка терең карайт. Үч ай бою баарын тизмектеп жазып жүргөн жанындагы бийкеч анын болочок жубайы экен. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовБизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева
Бизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева - Sputnik Кыргызстан
Бизнес-тренер, коуч Лилия Утюшева

— Чемпиондоруңуздун катары ар кыл көрүнөт, Facebook баракчаңызда колониянын кызматкерлерине тренинг өткөргөнүңүз туурасында жазгансыз.

Карнавальный парад в Панама-Сити - Sputnik Кыргызстан
Банкрот болгон нарындык миллионердин баласы: бөтөлкө чогултууга аргасыз болгом
— Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен беш жылдан бери иштешебиз. Колониянын тарбиячы жана жетекчилеринин дараметин күчөтүү аракетиндебиз. Аларды жыйынтыктуу иш алпарууга, иштин ири кайтарымы үчүн артыкчылыктарды туура тизмектөөгө багыттоо зарыл. Ишмердиктеринде эмоционалдык бөксөрүүдөн кача алышпайт, ошондуктан, андай чөйрөдө иштегендер үчүн бул жагынан кандайдыр азык болушу абзел.

Мурда жаза берүү тутуму бар эле, азыр түзөтүү ыкмасын киргизип жатышат. Эркинен ажыратылган адамдар өз мөөнөтүн жеңил өткөрүүсүнө, кийин кайрадан коомго жуурулушуусу оор болбошу үчүн көп күч жумшалууда.

Андай программаларда менеджмент менен иштөөгө жана сабырдуулукту күчөтүүгө басым жасалат.

— Сизди төрт жылдан бери тааныйм, дайым жайдарысыз, ар жолкусунда куунак жүрөсүз… Бул жөн гана чүмбөт эмеспи, кечинде үйгө кайтканыңызда кандай жансыз?

— Кечкисин үйдө да турпатым ушул. Балдарым менен да, туугандарым менен да, өзүм менен өзүм да ушул калыптамын. Башымдан көп нерсе өттү, көптү көрдүм, андыктан, өмүрдү баалай билем, бийиктикке умтулам.

Афганистанда иштеп жүрүп, биздин өлкөдө долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрдүн ушунчалык арбын экендигине ынандым. Бизде башкысы тынчтык бар, октон жашырынбайбыз, ок өткөрбөс чарайна кийбейбиз.

Кыргызстанский инженер микроэлектроники Ислам Ишенкулов - Sputnik Кыргызстан
10 күндө 650 доллар тапкан жигит. Сейрек кесип ээси менен маек
25 жылдан бери эл аралык чөйрөдө иштейм, бул мезгил ичинде көп нерсени көрдүм. Афганистанда мектеп жана медициналык борборлорду куруу долбоорун көзөмөлдөп калдым. Талибандар режиминин тушунда кыздар мектептеринин баары жардырылган, ошондуктан бул долбоорлор зарыл эле. Кооптуу өлкөлөрдө иштөө мага көптү үйрөттү.

Аргасыз абалдарга да кептелдик, бир ирет машинабызды автоматтан жапжакын жерден аткылашты. Айдоочунун "ылдый жат" дегени мени сактап калган. Терактыларды алдын ала болжоо мүмкүн эмес эле. Бир билгеним, алар дайым ырайымсыз жасалчу. Мектептерди ачканыбызда кыздарга күкүрт кислотасын чачышкан, алардын жүздөрү эрип жатты… Элестетсеңиз… Курган кыздар, ай…

Афганистанда 35 жылдан бери согуш жүрөт, башка эмне демекпиз.

— Афганистан, атышуу… Мунун баары кандайча жашооңуздун бөлүгү болуп калды?

— Эл аралык долбоорлор менен чейрек кылым алектенип келем. Чет өлкөгө көп чыктым, Афганистанда долбоорлорду төрт жыл көзөмөлдөдүм. Израиль, Палестин, Африкадагы кооптуу жайларда иштедим.

Андай жерлерде өзүңдү сынайсың. Мындай ишке капысынан аралашып калдым дебейм, максаттуу түрдө өзүм келгем. Котормочулукту окуп эл аралык, бейөкмөт уюмдар менен кызматташтым.

Кыргызстандык профессор Нурлан Наматов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Елизавета II менен Барак Обаманы "багынткан" бишкектик профессор
Маянасы жогору ишим, жашоомдо туруктуулук өкүм сүргөнү менен мага дагы бир нерсе жетпегендей болуп туруп алды. Дагы өскүм келди, ишмердигим менен катар окуй да бердим, адегенде экономика жана менеджмент факультетин аяктадым, кийин Данияда социалдык илимдер боюнча билимимди өркүндөттүм. Дания демекчи, бул өлкөдөн куштарландым, адамдарды сүйүү жана социалдык багыт ал жакта жогорку деңгээлде.

Ар бир салык төлөөчү өз маянасынын 66 пайызын мамлекет казынасына төлөйт. Баары коомго багытталган, адамдар үчүн жасалган. Азыр Дания эң алдыңкы мамлекеттердин бири, жумуш убактысы – алты сааттык. Эл иштен 15.30да чыгат, ар кандай курстарга барышат, балдарын бакчадан алышат.

16.15те алар өзү менен же үй-бүлөсү менен алек, кай бири өзүн чыгармачылыкка арнайт. Андайды көргөн жаным Кыргызстанда да ошол сымал иштерди жайылткым келди. Менин ишим мындай нерсенин калыптанышына таасир этерин түшүндүм. 

— Биздин окурмандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Көйгөйгө кабылсаңыз, аны кыйынчылык эмес, кандайдыр чакырык катары кабылдаңыз. Ал эми чакырык – дайым мүмкүнчүлүк, бул кырдаалдан чыгууга жардам берет. Андан ары сизди жыйынтык күтөт. Жадыңызда болсун, максатыңызга жетүү үчүн күч булагы өзүңүздө!

Жаңылыктар түрмөгү
0