Мамлекет ар бир облустун борборуна эконом-класстагы үйлөрдү салат

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүСтроительство домов для пострадавших от оползней в Чечне
Строительство домов для пострадавших от оползней в Чечне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир облустун борборунда курула турган беш кабаттуу турак жайлар 60 батирлүү болот. Алардын 30у эки бөлмөлүү, 30у бир бөлмөлүү болмокчу.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. "Мамлекеттик ипотекалык компания" (МИК) АККсы ар бир облустун борборуна эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды курганы жаткандыгын аталган компаниянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай кадамдын негизги максаты — жарандарды үй менен камсыздоо жана компаниянын турак жай фондусун түптөө.

Маалыматка караганда, учурда жер-жерлерде курулуш иштерин баштоо үчүн курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү документтер даярдалып жатат.

"Ар бир облустун борборунда курула турган беш кабаттуу турак жайлар 60 батирлүү болот. Алардын 30у эки бөлмөлүү, 30у бир бөлмөлүү болмокчу. Үйлөрдү курууда ар бир курулуш материалынын сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Аймактардын тоолуу жана дагы башка географиялык жагдайларын эске алуу менен сейсмикалык туруктуу имараттарды салууга басым жасалат", — деп айтылат билдирүүдө.

Коммерциялык ипотека берген банктардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары. Тизме
Буга чейин МИК Бишкектеги "Тунгуч" кичи шаарчасында 135 батири бар 9 кабаттуу үйдүн курулушу каралып жатканын кабарлаган. Аталган үйдү курууга курулуш ишканаларын тандоо боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталына сынак жарыяланган. Ага кайсы ишканалар катышып жатканы 2017-жылдын 8-августунда билинет.

Ошондой эле МИК 2020-жылдын аягына чейин 130 миң чарчы метр турак жай курууну пландаштырып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0