Facebook жасалма интеллектиден чочулап, аны өчүрдү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишилер менен сүйлөшүү үчүн түзүлгөн боттор акырындык менен өз ара белгисиз тилде кабарлашып баштаган

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын жетекчилиги жасалма интеллект менен иштеген чат-ботторду өчүрүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу International Business Times басылмасы жазып чыкты.

Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Россияда бир жылдан кийин ракты айыктыра турган робот-хирург пайда болот
Маалыматка ылайык, боттор башында англисче сүйлөшчү. Бирок, алардын айрымдары өз ара ыкчам сүйлөшүү үчүн "өздөрүнүн тилин" ойлоп тапкан. Мындай нерсе долбоордун максаттарына туура келбейт.

Эгер боттор өз тилинде активдүү баарлашып баштаса IT адистери аны башкара албай каларын BBC телеканалы адистерге таянуу менен жазып чыкты. Мындай аракеттерди керек болсо тажрыйбалуу адистер да тескей албай калышы мүмкүн.

Бир нече күч мурун эле Facebook компаниясынын башчысы Марк Цукерберг менен SpaceX, Tesla жана PayPal системасынын негиздөөчүсү Илон Маск жасалма интеллект тууралуу талаша кетишкен. Маск жасалма интеллект адамзат үчүн кооптуу экенин айтса, Цукерберг келечекте ал адамдардын жашоосун жеңилдетет деген пикирин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0