Дарыгерлер ажатканадан табылган ымыркайдын абалы тууралуу маалымат берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКлинический родильный дом №2 в Бишкеке
Клинический родильный дом №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жандандыруу бөлүмүндө жаткан баланын тубаса кемтик оорулары азырынча байкалган жок

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ажатканадан табылган ымыркайдын абалы канааттандырарлык, денесиндеги калтырак жоголду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ, 31-июлда Бишкектин четиндеги Арча-Бешик жаңы конушундагы ажаатканалардын биринен жаңы төрөлгөн кыз табылган.

"Бала дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Тубаса кемтик оорулары азырынча байкалбайт. Жасалма жол менен тамактандырылып жатат. Эки өпкөсүнүн тең дем алуусу угулуп калды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ымыркайдын салмагы 3,396 граммды түзгөнү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0