21:07 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
2658 0 0

Иракта кайыр суроо кадыресе көрүнүш. Муну менен көбүнчө аялдар менен балдар алектенет.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ирактын Эн-Неджеф шаарында набыт болгон кайырчы аялдын үйүнөн миллиондогон динар табылганын Sputnik Arabic агенттиги жазып чыкты. 

Өткөн дем алыш күндөрү шаардын эски бөлүгүндө улгайган аялдын көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Аялдын кайыр сурап жан багып келгени белгилүү. Издөө иштеринин натыйжасында анын үйүнөн ирак жана чет элдик валюта менен бир топ суммадагы акча табылган. Акча менен зер буюмдар желим баштыкта сакталыптыр", — деп жазылат билдирүүдө.

Полиция кызматкерлери аялдын жанында 72 миллион 322 миң ирак динары (64 миң долларга чукул), 562 доллар, 90 сауд риалы, 119 ливан лири, 10 евро, 300 кувейт динары, 440 иран туманы, 70 афган рупийи, 320 пакистан рупийи жана алтын буюмдар бар экенин эсептеп чыгышкан.

Кайыр суроо ушу тапта Иракта кеңири тараган көрүнүш. Аны менен көбүнесе аялдар менен балдар алектенет. Кайырчыларды негизинен өлкөнүн борбордук бөлүгүнөн, түштүк жана борбордук провинцияларынан кездештирүүгө болот. Алар көчөлөрдө, туристтер көп келчү ыйык жайларды байырлап турушат.

Эн-Неджефте халиф жана шииттердин биринчи имамы Алинин, Мухаммед пайгамбардын агасы жана күйөө баласынын сөөгү коюлган. Мусулман зыяратчылардын саны боюнча бул шаар Мекке менен Мединадан кийинки орунда турат.

Тема боюнча

Баласына бөйрөгүн берем деген эне операция үчүн бир жыл кайыр сурады
Россияда селсаяк болуп кеткен кыргызстандыктар. Кайырсыз сапар...
Британияда белгисиз адам кайырчыга 12 миң долларлык садага берип кетти
Белгилер:
Ирак, Мекке, Медина, полиция, кайыр

ЭҢ МААНИЛҮҮ