Бишкекте мыйзам бузуу менен курулуп жаткан көп кабаттуу эки үй табылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСтроительство жилых комплексов в Новгородской области
Строительство жилых комплексов в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имараттардын түштүк жагынан өрт өчүрүү унаасынын кирүүсү үчүн жол калтырылбай, аралыктар тийиштүү түрдө сакталган эмес

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Бишкектеги көп кабаттуу эки үйдүн курулушу мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп жатканын Башкы прокуратыранын маалымат кызматынан билдиришти.

Борбор калаанын Ибраимов көчөсүнүн Москва жана Бөкөнбаев жолдорунун ортосунда мыйзамсыз курулган курулуш түрттүрүлдү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн алдын тосуп алган мыйзамсыз курулуш түрттүрүлдү
20-июль күнү курулушка Мамэкотехинспекциясынын өрт көзөмөлү кызматынын адистери барып, бир катар мыйзам бузууларды таап чыккан. Тагыраагы имараттардын түштүк жагынан өрт өчүрүү унаасынын кирүүсү үчүн жол калтырылбай, аралыктар тийиштүү түрдө сакталган эмес.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Мамэкотехинспекциясынын аймактар аралык башкармалыгы бул объектте мурдараак текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузуулар бар экенин көрүп туруп, курулушту токтотууга барышкан эмес.

Прокуратура КР Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгоду.

Ишти Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы көзөмөлүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0