Ала-Бука айыл өкмөтү 20 млн. сомго комбайн менен трактор сатып алат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОткрытие сборочного цеха тракторов и сервисный центр по обслуживанию сельхозтехники в Бишкеке
Открытие сборочного цеха тракторов и сервисный центр по обслуживанию сельхозтехники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-июлда жарыяланган тендердин мөөнөтү 18-августта аяктайт

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айыл өкмөтү айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, айыл өкмөт комбайн, трактор жана айыл чарба шаймандарын сатып алуу үчүн 19 миллион 998 миң сом сарптоого даяр.

Тендер 28-июлда жарыяланып, мөөнөтү 18-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0