Көлдүн жээгин тазалаган Тору-Айгырдын жаштарына туристтер жардам берди

© Фото / Алтынбек Жолдошбеков Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, "Таза жээк" акциясын уюштурду
Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, Таза жээк акциясын уюштурду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активдүү жаштар "Май-Булуң", "Улан", "Маяк", "Оазис", "Фирдаус Керемет" пансионаттарынын жээктерин тазалашты

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, "Таза жээк" акциясын уюштурду. Анын алкагында айылдагы пансионаттардын аймагындагы таштандыларды чыгарышканын "Тору-Айгыр жаштары" коомдук бирикмесинин жетекчиси Чыңгыз Казиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / Алтынбек Жолдошбеков Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, "Таза жээк" акциясын уюштурду
Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, Таза жээк акциясын уюштурду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, "Таза жээк" акциясын уюштурду
© Фото / Алтынбек Жолдошбеков Анын алкагында айылдагы пансионаттардын аймагындагы таштандыларды чыгарылды
Анын алкагында айылдагы пансионаттардын аймагындагы таштандыларды чыгарылды - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын алкагында айылдагы пансионаттардын аймагындагы таштандыларды чыгарылды
© Фото / Алтынбек Жолдошбеков Бул иш-чараны уюштурууга каражатты жергиликтүү активдүү жаштар өз чөнтөгүнөн чыгарышты.
Бул иш-чараны уюштурууга каражатты жергиликтүү активдүү жаштар өз чөнтөгүнөн чыгарышты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул иш-чараны уюштурууга каражатты жергиликтүү активдүү жаштар өз чөнтөгүнөн чыгарышты.
1/3
Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынын жаштары өз алдынча демилге көтөрүп, "Таза жээк" акциясын уюштурду
2/3
Анын алкагында айылдагы пансионаттардын аймагындагы таштандыларды чыгарылды
3/3
Бул иш-чараны уюштурууга каражатты жергиликтүү активдүү жаштар өз чөнтөгүнөн чыгарышты.

Акциянын алкагында "Май-Булуң", "Улан", "Маяк", "Оазис", "Фирдаус Керемет" пансионаттарынын жээктери тазаланды.

"Бул иш-чараны уюштурууга каражатты жергиликтүү активдүү жаштар өз чөнтөгүнөн чыгарышты. Көл жээгине таштанды ыргытпоого чакырган баннерлерди илдик. Акция учурунда таштандыларды гана чыгарбастан, эс алууга келгендерге жана жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бардыгы бизди колдоого алып, туристтердин арасынан жардам бергендер болду", — деди Казиев.

"Тору-Айгыр жаштары" коомдук бирикмесинин жаштары жергиликтүү элди жана меймандарды көлгө жана аны курчап турган айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырат.

Эске салсак, ушул эле жаштар тобу жаз мезгилинде өз демилгеси менен аталган айылдагы таштандыларды чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0