Окумуштуулар шекердин ден соолукка тийгизген таасирин иликтешти

© SputnikКант. Архив
Кант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лондон университетинин окумуштуулары 1985-жылдан 1988-жылга чейин сегиз миң адам катышкан сурамжылоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын окумуштуулары шекерди көп колдонуу адамдын ден соолугуна кандай таасир этерин иликтешти. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Лондон университетинин окумуштуулары 1985-жылдан 1988-жылга чейин сегиз миң адам катышкан сурамжылоо жүргүзгөн.

"Шекерди көп колдонуу психологияны жабырката турган CMD (депрессия) оорусуна алып келет", — деп жазылган маалыматта.

Анткен менен британиялык диетологдордун ассоциациясынын мүчөсү Кэтрин Коллинз окумуштуулардын тыянагына макул эмес. Анын айтымында, окумуштуулар сурамжылоого катышуучулардын сөзүнө таянуу менен гана жыйынтык чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0