Тирүүлөй чирип, жытыман жаныма киши тура алчу эмес... Баңги тууралуу маек

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава общественного фонда "Альтернатива в наркологии" Ирина Пугачева
Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы спайс эпидемиясы, психотроптук заттарга болгон көз карандылык тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Альтернатива в наркологии" коомдук фондусунун жетекчиси Ирина Пугачева кенен айтып берди.

Ондогон жылдар бою героинсиз жашай албаган бул аялдын башынан көп нерсе өтүптүр, эки ирет түрмөгө отуруп чыгып, айыккыс дартка да кабылган экен. Ошонун баарын жеңип чыгып, эми баңгиден көз каранды болуп жашаган адамдарга жардам берип келет.

— Сиздин окуяңызды мага наркология ооруканасында репортаж жасап жүргөндө айтып беришти эле. Дарыгер сиздин 20 жылдай баңгизат колдонуп келгениңизди кеп кылган…

— Мен азыр 47 жаштамын. 20 жылдай маңзат пайдаланып келдим. 19 жашымда эле баңгисиз жашай албай калгам. Күйөөгө тийгенден кийин накта сайына баштадым. Жолдошум азгырды деп айтуудан алысмын, өзүмдүн эрким бош окшойт да. Үй-бүлөдөгү жападан жалгыз жалпы кызыкчылык — баңги болуп калган. Андан кийин күйөөм түрмөгө отуруп калды, бирок жашоо деген улана берет экен да.

Бишкектеги наркологиялык ооруканадагы бейтап. - Sputnik Кыргызстан
Жакындарым менин өлүмүмдү күтүп жатышат! Наркологиялык ооруканадан репортаж
Бардык баңгилердей болуп эле мен дагы үй-бүлөмдүн айласын кетирчүмүн. Баарын таштоого далай ирет аракет кылдым, бирок бир аздан кийин эле баары кайра башталып кетчү. Бир жолу күйөөмдүн достору өч алуу үчүн сайына турган героинге ириң кошуп коюшуптур. Каным бузулуп, сасыгыман жаныма киши тура алчу эмес. Тирүүлөй чирий баштадым, дене табым 40тан түшпөй койду. Терим сыйрылып түшө баштады. Атам уюн сатып, дарылатты, мени карап айыккандан кийин үйгө чыгарып кетти.

Ошондо мен атама баңгизатты токтотом деп катуу убада бердим. "Ийнелеш" досум күнүгө азгырат, такыр болбой койсом бир күнү кифириме апийим кошуп коюптур.

Баңгинин айынан агам менен катташпай жүрдүм. Таптакыр эле баш тарта албай калган кезде мени үйдөн кууп чыккан. Азыр мени кубалап чыкканына аябай ыраазымын, болбосо ушу кезге чейин кыйналып жүрмөк экенбиз. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Альтернатива в наркологии" коомдук фондусунун жетекчиси Ирина Пугачева: бир жолу күйөөмдүн достору өч алуу үчүн сайына турган героинге ириң кошуп коюшуптур. Каным бузулуп, сасыгыман жаныма киши тура алчу эмес. Тирүүлөй чирий баштадым, дене табым 40тан түшпөй койду. Терим сыйрылып түшө баштады
Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
"Альтернатива в наркологии" коомдук фондусунун жетекчиси Ирина Пугачева: бир жолу күйөөмдүн достору өч алуу үчүн сайына турган героинге ириң кошуп коюшуптур. Каным бузулуп, сасыгыман жаныма киши тура алчу эмес. Тирүүлөй чирий баштадым, дене табым 40тан түшпөй койду. Терим сыйрылып түшө баштады

— Баңгини токтотуу керек экенин качан түшүндүңүз?

— Оорулуу экенимди түшүнгөндө. Алгач, албетте, баңги аял экенимди мойнума алгым келген эмес.

Баарын башынан өткөргөн адам катары баңгилер үчүн коомчулуктун жардамы керек экенин айткым келет. Токтотуп коюп кайра "баягыма" кирип кеткенде бөйрөгүм иштебей калды, реанимацияга жатып калдым, атам дагы бир уюн сатууга аргасыз болду. Дарыгерлер менин мал болуп кетишим күмөн экенин айтышкан.

Ооруканадан чыккандан кийин дароо эле баңги алчу жерге барып бир доза алдым. Эмне болгонун азыркыга чейин түшүнбөйм, бирок бөйрөктөрүм иштеп кетти. Ошондо дарыланып, айтор, бир жаңсыл болушум керек экенин түшүндүм. Анын үстүнө эки ирет түрмөгө отуруп чыккан элем.

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
1997-жылы наркология борборуна келгеним күнү бүгүнкүдөй эсимде. Батма Эстебесова, Наталья Борисоваларды эч качан унутпайм. Көпкө чейин отуруп, аябай ыйлап, башыман өткөргөндөрүмдү айтып бергенимди билем.

Ошондо дарыгер мага эмне деди дебейсиңерби? Мага иш сунуштап оозумду ачырды. Ошентип ыктыярчы болуп калдым. Баңгилерге шприц таратып, ВИЧ, гепатит тууралуу айтып берип жүрдүм.

Бул иш мага аябай жакты. Анда Сокулукта жашачумун. "Донецкийге" жетүү үчүн бир топ эле. Андыктан ошол эле наркологияга кароолчу болуп орношуп алдым. Күндүз ыктыярчы болуп, түнкүсүн имаратты кайтарчумун.

Мен мунун баарын баңгиден кутулуу үчүн жасап жаттым. Адам кандай оор абалда экенин өзү түшүнмөйүнчө ага бирөө-жарымдын берген жардамы текке кетет.

— Мага жакын адамыңыз менен үй куруп, фонд негиздегениңизди да айтып беришти…

— Бейөкмөт уюмда иштеп жүрүп учурдагы жолдошумду кезиктирдим. Ал абдан жакшы адам. Күйөөм дагы башынан бир топ оор учурларды өткөрүптүр. Жакшы сөзгө, колдоого муктаж кезибизде бири-бирибизди кезиктирип, түшүнүшүп кеттик. Тилекке каршы, балалуу боло алган жокпуз. Гепатит С дарты менен жабыркайм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИрина Пугачева: токтотуп коюп кайра "баягыма" кирип кеткенде бөйрөгүм иштебей калды, реанимацияга жатып калдым. Дарыгерлер менин мал болуп кетишим күмөн экенин айтышкан
Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Ирина Пугачева: токтотуп коюп кайра "баягыма" кирип кеткенде бөйрөгүм иштебей калды, реанимацияга жатып калдым. Дарыгерлер менин мал болуп кетишим күмөн экенин айтышкан

— Бул илдет баңгиликтин кесепети болсо керек?

— Так айталбайм, дарыланып жатканда бир программадан өткөм, канымды текшерип, оорулуу экенимди айтышты. Бул дарттан киши өлбөйт, бирок дарылары абдан кымбат экен. Анализдеримдин жыйынтыгы чыккандан кийин дарылануума 25 миң доллар керек экенин айтышты. Менде каяктан мынча акча болмок эле?! Анан бир бейөкмөт уюмга кайрылып, ал он эселеп баасын түшүрүп берди. Дарылануунун наркы 600-900 доллардын тегерегинде болуп калды.

— Сиз метадон пайдаланылчу терапия менен дарыланыптырсыз. Көптөр бул программа баңгиге көз каранды адамдарды алгач бекер, андан кийин акчага сатылчу альтернативалык наркозат деп айтышат экен…

— Алгач метадон баңгидей болуп эс-акылдан албай турганын айтып коюу керек. Бул баңгиге болгон тартылууну кандыра турган каражат. Башкача айтканда, минтип дарыланып жаткан адам бир доза үчүн уурулукка, киши өлтүрүүгө барбайт.

Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес
Бул метадонду "ме" деп колуңа кармата салчу терапия эмес, бейтаптар менен атайын доктурлар иштешет, адистер аларды тыкыр көзөмөлдөп, өзгөрүүлөргө байкоо салат.

Көп балдар бул программанын аягына чыгат, болгону бул тууралуу көрүнгөн жерде айта берүүдөн тартынат. Баңгизат менен байланышы барлар корунчаак болуп калат, анткени баңгиден канчалык алыстаса да айланадагылардын пикири, ою ар кандай болуп калышы мүмкүн. Мен биздин балдардан баңгиден арылуу жолдорун, акыры бул балээден кутулганын такай айтып турууларын өтүнөм.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда өтө тездик менен жайылып жаткан спайска көбүрөөк көңүл бөлүү керек. Мындан жабыр тарткандардын саны кыйла көп. Спайс саткандар аны интернет аркылуу таратып, колго да түшпөйт. Контрабандачылардын көбү метадон алып жаткандарды спайска отургузууга аракет кылышат.

Мендеги балдарды көрүп, бул баңги героинге караганда адамды тез өлтүрөрүнө көзүм жетти. Бир кыз спайс тарткандан кийин реанимацияга түшүп, араң аман калганын айтып берди эле. Баңги ага башкача таасир бериптир, катуу жини келип, маңдайда отурган жигиттин кокосун үзүп алгым келди деди. Андан кийин жыгылып, бир нече күндөн кийин ооруканадан эсине келиптир. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИрина Пугачева: киши өлтүрүүдөн майнап чыгарына ишенбейм. Ал эми баңгизат саткандарга катуу чара көрүлүшүн каалар элем. Өмүрүнүн аягына чейин темир тор артында отурса да жарашат аларга
Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Ирина Пугачева: киши өлтүрүүдөн майнап чыгарына ишенбейм. Ал эми баңгизат саткандарга катуу чара көрүлүшүн каалар элем. Өмүрүнүн аягына чейин темир тор артында отурса да жарашат аларга

— Филиппинде баңгиге кандайдыр бир тиешеси барларды — соодагерлерди да, колдонуучуларды да өлтүрүү чечими чыгыптыр…

— Киши өлтүрүүдөн майнап чыгарына ишенбейм. Ал эми баңгизат саткандарга катуу чара көрүлүшүн каалар элем. Өмүрүнүн аягына чейин темир тор артында отурса да жарашат аларга.

— Сиз алгач ыктыярчы болуп иштеп, андан кийин бейөкөт уюм ачыптырсыз. Ал бүгүнкү күндө эмне иш кылат?

— Расмий түрдө уюм 2009-жылы катталган. Метадон терапиясынын кардарлары менен иш алып барабыз. Мен өзүм бул дарылануудан өтүп жатканда коомчулук, айланадагылар мени кадимки эле катардагы киши катары кабыл алышын тилээр элем. Бирок биз бүгүнкү күндө андан да тереңдеп, шприц алмаштыруучу жайларды ачтык, бул терапиядан өтүп жаткан кардарлардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча долбоорубуз иштеп жатат.

Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Батыралиев: медицина тармагынын тамтыгы чыккан, аны дароо жакшырта албайбыз
Мындан тышкары, кургак учук менен ооруган кишилер менен иштешебиз. Туруктуу жашаган жери жоктор үчүн Кыргызстанда биринчи болуп жатакана ачтык. Ушу тапта Кыргызстанда кургак учук эпидемиясы курчуп турган маал.

Аракетибиздин арышы мындан да кеңейет деген ишеним зор, андыктан бизге чоң жай керек. Бүгүнкү күндө биз жатаканабызга болгону 10 кишини жайгаштыра алабыз, ал эми Бишкекте оор кырдаалга кабылган адамдардын саны кыйла көп. Долбоордун негизги максаты — оорунун жайылышына жол бербөө.

— Эгер окурмандарыбыздын ичинен сиз менен көзмө-көз жолугууну каалагандар чыкса эмне жооп айтасыз?

— Facebook тармагында абдан активдүүбүз, жолугушуу тууралуу сүйлөшөбүз. Эгер муктаж адамдарга жардам бере алсам кубанычта гана болом.

Жаңылыктар түрмөгү
0