Бишкектеги адам өмүрүн алган жол кырсыктан кийинки жагдайдын видеосу тарады

Жазылуу
Катуу ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу бус жөө адамдар өтө турган чийинден 30 жаштагы аялды койдуруп кеткен

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Интернет айдыңына 25-июлда 30 жаштагы аялды унаа койдуруп кеткен окуядан кийинки көрүнүштүн видеосу тарады.

Аны Азият Жекшеев аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жүктөдү.

Видеодон жолдо жаткан маркумду, Тез жардам кызматы менен Кайгуул милициясынын автосун көрүүгө болот.

Кырсык Токомбаев көчөсүндө катталган (Түштүк магистраль).

ДТП в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Түндө жол чийинде унаа коюп кеткен кыз каза болду
Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынан маалымдашкандай, бусту 30 жаштагы жаран катуу ылдамдыкта айдап келе жаткан. Анын алдында келе жаткан жеңил унаа жолдон өтүүгө камынып жаткан аялды байкап токтогон. Бустун айдоочусу жеңил автону кагып кетпөө үчүн рулду чукул бурганда, алдынан чыккан кызды сүзүп кеткен.

Учурда бустун айдоочусу кармалды. Ал мас абалында болгон эмес. Унаасы айып короого токтотулду.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0