Нарындагы 21 миң 154 гектар жерге чегирткеге каршы уу чачылды

© Фото / пресс-служба полпреда ПКР в Чуйской областиТалаадагы чегирткелер. Архив
Талаадагы чегирткелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер июнь-июль айларында белгиленген аймактарда жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып беришти.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен биргеликте Нарын районундагы Миң-Булак, Эмгек-Талаа жана Ак-Кудук айыл аймактарындагы зыяндуу чегирткеге каршы ууландыруу жумуштары менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Повседневная жизнь в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Суу башында турган Кыргызстандын 657 айылында ичүүчү суу боюнча көйгөйү бар
Иш сапар учурунда алар чегирткелерди жок кылуу үчүн уу чачылган аймактарды кыдырды. Адистер июнь-июль айларында белгиленген аймактарда жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып беришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо айыл аймактарында, Ат-Башы районунун Ак-Жар, Ат-Башы айыл аймактарында, Жумгал районунун Баш-Кууганды, Көк-Ой, Чоң-Дөбө, Таш-Дөбө, Чаек, Байзак, Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Жумгал айыл аймактарында, Нарын районунун Эмгек-Талаа, Ак-Кудук айыл аймактарында пландуу жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде облус боюнча 25 миң 70 гектар жер текшерилип, анын ичинен зыяндуу чегиртке табылган 21 миң 154 гектар жерге уу чачылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0