"Дордой" базарында "бычакталган" кыз тууралуу окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Шаардык милиция учурда бул видеону тартып жайылтып жибергендерди издеп жатканын, жасаган бейбаштыгы үчүн алар жооп берерин кошумчалады.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Дордой" базарында бир кыздын бычакталганы боюнча маалымат тарап, бирок бул атайылап уюштурулган оюн экенин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Конфликт между людьми - Sputnik Кыргызстан
Москвада Кыргызстандын жараны сабалып, алты киши кармалды
Интернетке тарап кеткен видеодо кыз ичин басып жерге жыгылып калганын көрүүгө болот. Базарда жүргөн башка кишилер кызды тегеректеп калган жеринен тасма бүтүп калат. Кыз чындап эле ичине бычак жегенин видеодон даана көрүүгө мүмкүн эмес.

Шаардык милиция учурда бул видеону тартып жайылтып жибергендерди издеп жатканын, жасаган бейбаштыгы үчүн алар жооп берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0