Өкмөт башчы Ала-Бука – Аксы – Таш-Көмүр жолун оңдоо боюнча тапшырма берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРемонт дорог в Новосибирской области
Ремонт дорог в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоп-түзөөгө 750 миллион сом бөлүнүп берилген

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ала-Бука – Аксы – Таш-Көмүр айланма жолун калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын бергендиги тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жолдун үстүңкү катмары толугу менен талкаланып бүткөнүн өкмөт башчы Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында көргөн.

"Бул жолду оңдоого 15-20 миллион сом каражат бөлүнүп берилет. Ал эми Кербен шаарынын ички жолдорун оңдоого 3 миллион сом бюджеттен бөлүнгөн. Мындан тышкары, жакында кабыл алынган аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында айылдардын жана кичи шаарлардын жашоочуларын таза суу жана канализация системалары менен камсыздоо маселесине көңүл бурулду", — деди Жээнбеков.

Премьер-министр ошондой эле Ала-Бука – Шекафтар унаа жолунун реконструкциясы менен таанышты.

Деятельность предприятия Фулл голд майнинг на месторождении Иштамберды - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт кенчилерге экологиялык коопсуздукту сактоону эскертти
Ал эми Транспорт жана унаа жол министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, жакында бул жолду оңдоп-түзөө иштерине кирише турган тендердин жеңүүчүсү аныкталды. Жолдун 20 чакырым участогу толугу менен оңдолот.

Ошондой эле Жээнбеков өкмөт жол инфраструктурасынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп, бул жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоп-түзөөгө 750 миллион сом бөлүнүп берилгенин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0