"Тазалык" таштанды челектерди дезинфекциялап жатат

© Фото / МП "Тазалык"Мусорные контейнеры в Бишкеке
Мусорные контейнеры в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө ишкана кызматкерлери 3092 таштанды челекти (контейнер) тазалап, дезинфекциялашты

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таштанды челектерди дезинфекциялоону жана жууганды улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө ишкана кызматкерлери 3092 таштанды челекти (контейнер) тазалап чыгышты.

"Алгач контейнерлерди атайын жуучу каражат менен жууп, андан соң хлор сээп, тазалап жатышат. Учурда бул иштер уланууда", — деп жазылат маалыматта.

Таштанды челектерди тазалоо иштерине "Тазалыктын" кызматкерлеринен тышкары жергиликтүү аймактык башкармалыктын жумушчулары да чыгууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0