Билим боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 коло байге алды

© пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"Кыргызстандык окуучулар Бразилия жана Индонезияда өткөн эл аралык билим олимпиадасына катышып, төрт коло медаль алышты
Кыргызстандык окуучулар Бразилия жана Индонезияда өткөн эл аралык билим олимпиадасына катышып, төрт коло медаль алышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Андан сырткары алты окуучу Ардак грамоталар менен сыйланган

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Бразилия жана Индонезияда өткөн эл аралык билим олимпиадасына катышып, төрт коло медаль алышты. Бул тууралуу эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Обладатель высшего балла ОРТ-2017 Абай Жанузаков - Sputnik Кыргызстан
ЖРТдан озуп чыккан Абай: президенттин жанына отурганда муунум калчылдап калды
17-19-июль күндөрү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргызстандык Азизбек уулу Саадинур менен Жолдубай уулу Бекжол коло медаль алса, үч окуучусу Ардак грамота менен сыйланышкан.

Ал эми Индонезияда өткөн физика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 11-класстын окуучусу Нурдөөлөт Өмүралиев менен 10-класстын окуучусу Азамат Мырзабеков коло медаль алышкан. Андан сырткары үч окуучу да Ардак грамота алган.

Физика боюнча дүйнөлүк олимпиада 16-24-июлда Индонезиянын Йогьякарта шаарында өткөн. Ага 88 мамлекеттен 400 ашуун окуучу катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0