Соцтармак кызыктары: Айтбекованын суудагы сүрөтү, шаар аралаган элечекчен айымдар

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Instagram канала kyrgyzcha
Снимок с социальной сети Instagram канала kyrgyzcha - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артта калган апта ичинде элечекчен айымдар Бишкектин көчөлөрүн кыдырып таң калтырса, суунун ортосунда сүрөткө түшкөн Назира Айтбекова сынга кабылды.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Соцтармактын арышы күндөн-күнгө кенен жайылууда. Мунун жардамы менен айрымдарынын жылдызы жанса, кээде жашыруун сырлар да ачыкка чыгып кетет. Мындан улам мурда бирдеме жасаар алдында "эл эмне дейт?" дешсе, азыр интернетке чыгып кетпесин деп уялып калышты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги апта ичинде соцтармакта талкуу жараткан жана жөн гана көңүл көтөргөн сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Элечекчен айымдар шаар кыдырды. Жума күнү Бишкекте "Элечегим — сыймыгым" аттуу флешмоб өттү. Анда элечек оронгон айымдар калаанын көчөлөрүндө, соода борборлордо, коомдук транспортто жүрүп, атургай базарларга чейин кыдырышкан. Айрымдары таңдана караса, кооздугуна суктанган туристтер сүрөткө тартып жатышты. Улуттук кийимди даңазалап алып чыккандарга рахмат!

2. Назира Айтбекованын суудагы сүрөтү элге жакпай… Буга чейин узун көйнөгүн чубалтып чыгып эл алдында шакылдап сүйлөгөн теле алып баруучу Назира Айтбекованын дарыяга бутун салып, кыска көйнөкчөн таштын үстүндө отуруп түшкөн сүрөтү коомчулукка өөн учурадыбы, айтор, сын айткандар көп болду. Ал буга "бөдөнө тумшук мамагымды көрө албай койдуңар иттин башындай болгондо кууратмак экенсиңер!" деп жооп кайтарган.

Байкеша 😅 🔥 Узнал друга в будущем? 😆 Отметь его 😅

Публикация от OMKS 📽 VIDEO (@omks_video) Июл 18 2017 в 12:13 PDT

3. Бийдин майын чыгарды. Бул байкенин бийлегенин көрсөңүз таң калбашка айлаңыз да калбайт. Дээринде бар окшойт, болбосо мынчалык салмак менен "былкылдап-шылкылдап" бийлөө оңойго турбайт. Майкл Жексон бери жакта эле калыптыр.

4. Шаардык жылкы. Бул үйгө айылдан коноктор келип, сарай жок болгондуктан атын балкондо багып жаткандай… Буга дагы таң калыш керек.

5. Ушуну жөн эле койсо болмок… Балким жогорудагы атты дагы тойго даярдап жатышкандыр. Казакстандын Актау шаарында сүннөткө отургузган баласын ак боз аргымакка мингизип тойканага алып киргенде ат үркүп, аз жерден үстүндөгү баланы жыгып, конокторду тебелеп кете жаздады. Эхх… Ат үркпөй турганда сценарийди толугу менен көрмөкпүз.

Эу Флойд, дан дан даг😂😂😂 @ermeknurbaev Байкем, рахмат👌😘

Публикация от Эмиль Эсеналиев (@emil_esenaliev_official) Июл 20 2017 в 5:47 PDT

6. Буга чейин "чала спортиктин" "даң-даң" деген сөзү тренд болуп жаткан. Бул жаргонду жакшы жаттап калган кыргыз жигити Флойд Мейвезерди көргөндө "Флойд кандай эу! Даң-даң-даң!" деп кыйкырыптыр.

7. Москвадагы Золушка. Эч маанайын түшүрбөй, көңүлүнө жаккан ырын ырдап өз ишин жасап жатат. Башкалардай болуп пол жууганынан уялган эмес. Бул видео Москвада тартылганын айтышууда. Балким, бул кыздын да бир күнү жылдызы жанып калаар…

8. Ажайып Бишкек. Борбор калаанын чагылышкан керемет кадрлары!

Оригинальное предложение руки и сердца от Азамата. #goldstarcinema

Публикация от СВАДЕБНОЕ ВИДЕО ПРЕМИУМ КЛАССА (@gold_star_cinema) Июл 13 2017 в 10:11 PDT

9. Романтика! Соңунда көңүлүңүздөрдү кыз-жигиттин романтикалуу кечесине бурабыз. Бул күнү дагы бир кичи мамлекеттин пайдубалы курулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0