Россияда ташталган беш кыргызстандык бала кайтарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКлинический родильный дом №2 в Бишкеке
Клинический родильный дом №2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2011-жылдан бери Кыргызстанга 72 бала алып келинген

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган беш бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Мекенине кайткан балдардын жашы үч айдан бир жашка чейинки наристелер.

"Балдардын бардыгы дарыгерлер тарабынан текшерилип, балдар үйүнө жайгаштырылды. Эми алардын туугандарын таап, алар менен байланыштыруу боюнча аракеттерди көрөбүз", — деген пикирин министрликтин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча 2011-жылдан бери 72 бала Кыргызстанга кайтарылган. Ал эми жыл башынан бери 8 бала алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0