Чүй облусу менен борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт. Тизме

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүПодстанция. Архив
Подстанция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаанын 20дай көчөсүнө электр жарыгы берилбейт

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чүй облусу менен Бишкектин айрым бөлүктөрүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Түндүк электр ачык акционердик коомунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 24-июлда Бишкек шаарынын Төкөлдөш жаңы конушунда, Чоң-Арык айылында, Жал кичирайону менен Совмин шаарчасынын кээ бир бөлүктөрүндө жарык өчүрүлөт.

Жогорку Нарын каскадындагы жумушчулар шаарчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ГЭС кура турчу чех компаниясы аларга айтылган айыптарга жооп берди
Андан сырткары, эртең мененки саат 9.00дөн тарта борбор калаанын Токомбаев, Жукеев-Пудовкин, Ауезов, Москва, Гоголь, Ибраимов, Орозбеков, Эркиндик, Баетов, Тыныстанов, Жумабек, Абдрахманов, Ташиев, Горький жана Фатьянов көчөлөрүндө электр энергиясы жок болот.

Ошондой эле оңдоо иштерине байланыштуу 09.00дөн 17.00гө чейин Чүй облусунун Таш-Мойнок, Беш-Күңгөй, Арашан, Новопавловка, Кара-Сакал, Маловодный, Күн-Туу, Жаңы-Жер, Восточный, Сокулук, Арал, Айдарбек, Ак-Башат айылдары менен Шопоков шаарында жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0