Модель Милан: бардык сүрөттөр жигитим тарткан кадрга жетпейт

© Фото / Виктория Бар"Мисс Кыргызстан-2016", модель Милан Жанибекова
Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Модель Милан Жанибекова мода чөйрөсүндө келишкен келбети, ажарлуу жүзү, жөнөкөйлүгү менен таанымал. "Бишкек сулуусу — 2015" жана "Кыргызстан сулуусу — 2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү менен журналист Гүлдана Талантбекова маек курду.

Адатта моделдик чөйрөдө атаандаштык күч деген кептер бар. Бирок, маек жыйынтыкталып жатканда Миландын "жаш моделдерге кеңеш бере кетсем болобу?" дегени таң калтырды.

© Фото / Азиза БазаковаМилан Жанибекова: бир жолу сүрөткө тартылып берүүгө макул болуп, ошондон тарта моделдик кесипти сүйүп калдым
Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
Милан Жанибекова: бир жолу сүрөткө тартылып берүүгө макул болуп, ошондон тарта моделдик кесипти сүйүп калдым

— Милан, сиз беш жашыңыздан тарта балет менен алектенип, бул тармактын өтөсүнө чыгам деп ойлоптурсуз. Кийин кантип модель болуп калдыңыз?

— Өспүрүм курактан тарта моделдик агенттиктерден сунуштар түшө баштады. Ал кезде өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдү сезе билбегендиктен баш тартып келгем. Бир жолу сүрөткө тартылып берүүгө макул болдум. Ошондон тарта бул ишти сүйүп калдым.

— Моделдик карьера сизди канчалык өзгөрттү?

— Моделдикке байланыштуу бардык тармакты өздөштүрдүм деп ойлойм. Маселен, мода дүйнөсүнүн тарыхын, стилист, фото сүрөтчү, дизайнерлик, тигүүчүлүктү үйрөндүм, профессионалдуу түрдө боенуп, чачымды жасай алам. Анан өзүмдүн күчүмө ишенгенди үйрөндүм.

— Сизге подиум жагабы же тартуу иштериби?

— Айырмасы жок. Тартуу ишинин жакшы жери бул — чыгармачылык менен иштейсиң. Подиум — көп кишинин эмгегин бириктирген шоу, элге жандуу образда чыгуу.

© Фото / Марета КелиговаМилан Жанибекова: Инстаграм — ар бир моделдин ишинин бир бөлүгү, жарнама үчүн жакшы мүмкүнчүлүк
Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
Милан Жанибекова: Инстаграм — ар бир моделдин ишинин бир бөлүгү, жарнама үчүн жакшы мүмкүнчүлүк

— Интервьюлардын биринде эч бир моделдик агенттик менен келишимим жок, менин агенттигим Инстаграм деп айтыптырсыз. Учурда Инстаграм моделдер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат десек жаңылышпаймбы?

— Азыр моделдик бизнес социалдык тармактар менен тыгыз байланышта. Инстаграм — ар бир моделдин ишинин бир бөлүгү, жарнама үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

— Учурда ата-мекендик моделдердин ичинен сизге болгон суроо-талап жогору. Мунун кандай сыры бар?

— Сыры деле жок. Балким, башынан эле мода тармагынын кесипкөйлөрү менен иштешүү буюрса керек.

— Сиздин оюңузча идеалдуу модель кандай болушу керек? 90-60-90 параметриндеги моделдер дагы деле талаптабы?

— Эгерде кыздар кесипкөй модель болууну максат кылса дененин түзүлүшү, бойдун узундугу биринчи орунда. 90-60-90 —1990-жылдан бери келе жаткан стандарт. Жеке оюмда адам туура пропорционалдашкан дене-түзүлүшкө ээ болушу керек деп ойлойм.

© Фото / Марета Келигова"Жумушту берилүү менен аткарсаң кыйынчылыгы деле жок" — дейт модель
Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
"Жумушту берилүү менен аткарсаң кыйынчылыгы деле жок" — дейт модель

— Жумушту алып кетүү психологиялык жактан оорбу?

— Жумушту берилүү менен аткарсаң кыйынчылыгы деле жок. Ал эми физикалык жактан оорчулуктар болот.

— Моделдик бизнес тууралуу кененирээк айтып берсеңиз. Көшөгө артындагы көрүнүш кандай?

Телеведущая и актриса Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова менен Искендер Шаршеев: ажырашууга аргасыз болдук
— Бул тармак чындыгында абдан кызыктуу. Ар кандай талантуу адамдарды, сулуу кыздарды жолуктуруп, мыкты дизайнерлик иштерге күбө болосуң. Кемчилиги иш тартибиңдин туруксуздугу, денени калыбында сактоо, тартуу иштери жана аларга даярдануу көп убакытты алат.

— Диета кармайсызбы?

— Туура тамактанууну тандагам. Сууну көп ичем, йога жана пилатес менен машыгам.

— Карьераңызда батынып жасаган образыңыз кайсы?

— Бир жолу визажисттер эксперимент катары бетимди жана чачымды күлгүн түскө боеп, күмүш аралаш жалтырактарды бетиме чаптап салышкан. Ошол кебетем менен үйгө бардым. Көчөдөгүлөр таң калган бойдон эле калышкан. Анан бир саат боюу бети-башымды жууп отургам. Азыр эстеп күлүп калам.

— Сиз кийбей турчу кийим барбы?

— Оор суроо экен. Модель болгондон бери мага сунуштаган образдар менен кийимдер жагып эле келет. Негизи иштин шарттары, талаптары алдын ала сүйлөшүлөт. Күнүмдүк жашоодо өңү ачык, жөнөкөй кийимдерди жактырам.

© Фото / Азиза БазаковаМодель Милан Жанибекова: кумирим жок, жөн гана айрым моделдердин образдарына канааттанам
Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
Модель Милан Жанибекова: кумирим жок, жөн гана айрым моделдердин образдарына канааттанам

— Сиз тең келгиңиз келген кумирлериңиз барбы?

— Кумирим жок. Жөн гана айрым моделдердин образдарына канааттанам.

— Негизги жумушуңуздан сырткары эмне менен алектенесиз?

— Жакында эле фото сүрөттөрдү өзүм тартканды үйрөндүм. Кошумча графикалык дизайнерликти өздөштүрүп жатам.

— Сиздин образыңыз жаратылыштын белегиби же кам көрүүнүн жыйынтыгыбы?

— Кичинекей кезимден тарта балет менен машыккандыгым таасир берсе керек. Ар дайым туура тамактанууну да жазбай кармап келем. Элүү, элүү десем туура болот.

— Моделдер арасында достук барбы?

— Менин модель досторум көп. Бардык нерсе адамдын өзүнөн көз каранды.

© Фото / Марета КелиговаСүйгөн ишим менен алектенип, саякаттап, үй-бүлө күткүм келет
Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
Сүйгөн ишим менен алектенип, саякаттап, үй-бүлө күткүм келет

— Кесибиңизде сизге жакпай турчу нерсе барбы?

— Жакпаган жерлери көп деп айта албайм. Маселен, моделдер нукура сулуулукту сактаганга аракет кылышы керек. Тырмак-башыңды, чачыңды өтө ачык түскө боегонго болбойт. Анан да Кыргызстанда моделдерге аз төлөшөт.

— Моделдер эмне тууралуу сүйлөшөт?

— Башка кыздар эмне тууралуу сүйлөшсө ошол жөнүндө эле.

— Кандай музыканын коштоосунда сүрөткө түшкөндү жактырасыз?

— Мен музыканын бардык жанрынын күйөрманымын. Жан дүйнөмө көбүнчө хип-хоп ырлары жакын.

— Сиз жакшы көргөн сүрөттү эстеп көрсөңүз?

— Фондо космостун коштоосунда тартылган келишимдүү сүрөтүм бар. Бул сүрөт профессионалдуу эмес, болгону жигитим тартканы үчүн абдан жагат. Ошондой эле космостун сырларына кызыгам.

© Фото / Лорин ОкадаКосмостун фонунда тартылган сүрөтүм бар. Бул сүрөт профессионалдуу эмес, болгону жигитим тартканы үчүн абдан жагат
Мисс Кыргызстан-2016, модель Милан Жанибекова - Sputnik Кыргызстан
Космостун фонунда тартылган сүрөтүм бар. Бул сүрөт профессионалдуу эмес, болгону жигитим тартканы үчүн абдан жагат

— Модель болууну кыялданган кыздарга кандай кеңештерди бере аласыз?

Певица отечественной эстрады Назми Байзакова - Sputnik Кыргызстан
Назми: эне тилде жакшы сүйлөй албайм, эми кызымды кыргыз мектепке бердим
— Алдыга бийик максаттарды коюп, өзүңөрдүн үстүңөрдөн көбүрөөк иштегиле. Учурда интернет айдыңында үйрөнчүк моделдер үчүн көптөгөн пайдалуу видео роликтер бар. Мода тармагындагы адамдар менен пикир алышып, агенттиктер менен иштешип, чет мамлекетке чыкканга аракет кылгыла. Ден соолук үчүн спорт менен машыгып, туура тамактанууга өткүлө. Өзүңөргө ишенгиле жана позитивдүү маанайда жүргүлө. Кыргызстан сулуу кыздары менен дүйнөгө белгилүү болооруна ишенем.

— 5 жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?

— Бактылуу болууну каалайм. Сүйгөн ишим менен алектенип, көп жерде саякаттап, үй-бүлө күткүм келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0