Ысык-Көлгө мугалимдердин эс алуусу үчүн 400 орундуу пансионат курулат

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив
Ысык-көл жээгиндеги эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эс алуу жай мурдараак Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүлгөн "Асыл" пансионатынын аймагына курулат

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Асыл" пансионатынын аймагына мугалимдер үчүн кошумча дагы бир жаңы эс алуу жайы курулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, үстүбүздөгү жылдын июнь айында өкмөттүн чечими менен Сары-Ой айылындагы "Асыл" пансионаты Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүлгөн.

Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу - Sputnik Кыргызстан
Укмуш кооз экен, кеттик! Ысык-Көлдүн 13 эң мыкты жери
Өкмөт башчы аталган пансионатты оңдоп, кошумча жаңы 400 адамга ылайыкташкан беш кабаттуу ден соолукту чыңдоо борборун куруу тапшырмасын берди.

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумушчу жыйын өткөрүп, анда "Асыл" пансионатынын оңдоо иштерин тез арада бүтүрүүнү буйруган. Аны оңдоо иштери эртең, 22-июлда башталат. Ал эми эс алууга мугалимдердин биринчи тобу август айында келет.

Понсионаттты оңдоо иштерине жана курууга 377 миллион сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0