ТИМ: Түркиядагы жер титирөөдөн КР жарандары жабыркаган жок

© REUTERS KENAN GURBUZТүркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттери
Түркиядагы катуу жер титирөөнүн кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу курорттук Бодрум шаарынан 10,3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган шаарга туристтер көп келет.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалымат боюнча КР жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 21-июлда түнкү саат бирлер чамасында Эге деңизинин жээктеринде катуу жер силкинген.

"Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Бодрум шаарынын бийлиги менен дайым байланышта жана абалга көзөмөл салып турат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жер титирөө 10 чакырым тереңдикте болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0