Атамбаев: Ысык-Көл облусу Кыргызстандын жүзү болот

Жазылуу
Аталган облуста заманбап аба майданы курулуп, жолдор жаңыланууда.

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ, 21-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Көчмөн Алтай" экспозициясынын ачылышында Ысык-Көл облусу Кыргызстандын жүзү болот деген пикирин билдирди.

Ал иш-чаранын алкагында ар улуттун маданиятын көрсөткөн павильондор иштээрин айтты.

"Ысык-көлдүктөр аймакка башбаккан конокторду бул жакка дагы кайрылып келгендей кылып тосуп алышы керек. Ал үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. Аэропорт ачылды, жакшы жолдор салынууда. Эми дүйнө жүзүнөн эс алуучулар агылып келе баштайт", — деди Атамбаев.

Мындан сырткары өлкө башчы жергиликтүү элди туризмдин келечегин ойлоого чакырды.

Жайкы эс алуу учурунда Ысык-Көлдү түрө кыдырам деп пландасыңыз, Sputnik Кыргызстан агенттигинин бул материалы сизге жардамчы боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0