Муфтият: Токтогул районунун имамдары алты айлык иши боюнча отчет тапшырышты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан мусулман. Архив
Куран китебин окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Район боюнча 33 имамдын үчөө гана жүйөөлүү себептер менен отчет тапшырууга келген эмес

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Токтогул районунун имамдары алты айлык отчетторун тапшырышты. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, 33 имамдын үчөө гана жүйөөлүү себептер менен отчет тапшырууга келген эмес.

"Токтогул райондук хатибиятынын иш кеңсесинде Токтогул районуна караштуу бардык имамдар алты айлык жүргүзгөн иш-чаралары боюнча маалыматтарын беришти", — деп жазылат маалыматта.

Имамдар казыят тарабынан келген буйруктардын, фатвалардын аткаралышы боюнча отчет тапшырып, 2014-2020-жылдарга карата концепциянын багыттарын иш жүзүнө ашыруу маселелерин айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0