Якутияда табылган эң чоң алмазга Айтматовдун аты берилди

© AFP / LEON NEALБриллиант. Архив
Бриллиант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Якутиялыктар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жогору баалашат

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Якутияда табылган эң чоң алмазга Айтматовдун аты берилди. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү эл" форумунда Саха республикасынын мамлекеттик жыйынынын төрагасы Александр Жирков билдирди.

Ал өз сөзүндө Алтай тектүү элдин көп окшош жактары бар экенин баса белгиледи.

"Дүйнөдөгү бир катар мамлекеттер сыяктуу эле биз дагы Чыңгыз Айтматовду өз жазуучубуз деп билебиз. Айтматовдун каармандары окурмандардын дайым эсинде. 2013-жылы улуу жазуучунун 85 жылдыгынын урматына Якутияда казып алынган эң чоң алмазга анын аты берилген", — деди Жирков.

Андан сырткары, Кыргызстан менен Саха республикасын Максим Аммосов тыгыз байланыштырарын айткан Жирков, 1937-жылы анын жетекчилиги алдында Кыргыз ССРинин конституциясы кабыл алынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0