Ананьеводогу жарылуудан жаракат алган эки адамдын абалы жакшырып калды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө эки, дагы эки киши күйүк бөлүмүндө дарыланууда

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ананьево айылында май куюучу жайдагы газ баллондордун жарылышынан жабыркаган эки киши өзүнө келе баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүндө эки, дагы эки киши күйүк бөлүмүндө дарыланууда.

"Күйүк бөлүмүндө жаткан эки бейтапка операция жасалып, териси алмаштырылган. Алардын абалы жакшырып калды", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кырсык 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылында май куюучу жайда болгон. Анын кесепетинен 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Алардын бири 22-июндун таңында көз жумган. 23-июнь күнү бейтаптар Бишкектеги Күйүк борборуна алып келинип, алты күндөн кийин күйүк алган дагы бир киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0