Окумуштуулар: 100 жылдан ашык өмүр сүрүүгө ген жардам бере албайт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКары адамдар. Архив
Кары адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар адамдын узак жашоосуна эмнелер себеп болооруна өзгөчө кызыга баштады

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Адамдын 90 жашка чейин жашашына гени таасир этиши мүмкүн экенин, ал эми 100 же андан ашык убакытка созулган өмүргө гендин эч кандай тиешеси жок экенин Journals of Gerontology: Biological Sciences журналына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"Гендеги айрым нерселер адамдын өмүрүнүн узактыгына кайсы бир деңгээлде таасир этет. Бирок 100 жылдан ашык жашоого башка факторлор себеп. Мурда окумуштуулар ДНКнын FOXO 3 деп аталган аймагы адамдын 100 жыл жашоосуна жардам берет деп айтып келишкен. Биздин оюбузча алар 80-90 жыл жашаган адамдарды гана изилдеп көрүп, ушундай жаңылыш бүтүмгө келишкен", — деди АКШлык окуумуштуу Гарольд Бэйе.

Бонда бар аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын жыныстык жашоосу жана болочок балдар. Кыргызстандыктар ишенген 5 имиш
Анын айтымында, бүгүнкү иликтөөлөргө караганда ДНКнын FOXO 3 деген бөлүгү эркектердин 96, аялдардын 99 жашка чейинки өмүрүнө жооп берет. Киши ал курактан өткөндөн кийин алар өз милдетин аяктайт.

Ошондой эле бүгүнкү күндө окумуштуулар адамдын узак жашоосуна эмнелер себеп болооруна катуу кызыга баштаганы кошумчаланды. Ал үчүн узак жашаган адамдар көп катталган Италия жана Япония өлкөлөрүнүн жарандарынын ДНКсы менен кармаган диеталарына катуу көңүл бурула баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0