Екатеринбург — Бишкек каттамы канаттуулардын айынан 12 саатка кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канаттуулардын айынан кырсыктын алдын алуу боюнча учакты алмаштырууга туура келип, бир нече рейстердин графигин алмаштырууга келген.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. "Урал аба жолдору" компаниясынын Екатеринбург — Бишкек каттамы боюнча учкан самолет топтошуп учкан канаттуулар менен кагышканын россиялык ЖМКлар авиакомпаниянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган окуя Симферополдогу аэропортто болгон. Кемерово шаарынан чыккан самолет Екатеринбургга келе жатып, канаттуулардын тобу менен кагышкан. Натыйжада сырты жабыркап, учакты алмаштырууга туура келген.

"Симферополь — Екатеринбург каттамы канаттуулардын айынан көпкө кармалды. Себеби, Кемерово — Симферополь багыты боюнча учуп келе жаткан учакка канаттуулар урунган. Анын айынан маңдай жагы жабыркап, коопсуздукту камсыздоо үчүн запастагы учак колдонулган. Бул окуя башка каттам боюнча учкан учактардын графигинин өзгөрүшүнө алып келди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган рейс 12 саатка кечиккен.

Жаңылыктар түрмөгү
0