Муфтият: Сузакта муктаж болгондорго жарым миллион сом таратылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБитир-садака берип жаткан адамдар. Архив
Битир-садака берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Битир-садака арыз, кайрылуулардын негизинде тандалган адамдарга берилген.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы борбордук мечитте муктаждарга 556 миң сом битир-садака таратылды. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Битир-садака арыз, кайрылуулардын негизинде тандалган адамдарга берилген.

"Жардам турмушу оор үй-бүлөлөргө, майыптарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратылды", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми иш-чарага келбей калган жарандарга каражат үйлөрүнө жеткирилип берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0