МСК автоунаа менен турак жайга салык төлөбөгөндөргө айып пул көлөмүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековАчкыч жана акча каражаттары. Архив
Ачкыч жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыкты убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө айып каралган

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк үчүн салыкты маалында төлөөнү эскертет.

1-сентябрга чейин автоунаа үчүн каралган салыкты төлөөнүн акыркы күнү болсо, турак-жай үчүн салык 2-сентябрга чейин төлөнүшү керек.

"Транспорт үчүн салыкты төлөгөндөн кийин атайын чапталуучу баракчаны алыш керек. Ал салыктын төлөнгөнүн тастыктайт. Аны машинанын алдыңкы терезесине чаптап коюу керек", — деп айтылат маалыматта.

Салыкты убагында төлөбөгөндөргө 2000 сом өлчөмүндө айып каралган.

Автоунааңызга канча салык төлөшүңүз керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин калькуляторунан эсептеп алыңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0