Нарын шаарына Жаңы-Жол аймагы аркылуу өтүүчү жол убактылуу жабылды

Жазылуу
Жол каттамы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу менен жүргүзүлүп турат

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Нарын шаарына Жаңы-Жол аймагы аркылуу кирүүчү жол белгисиз мөөнөткө жабылганын ӨКМ билдирди.

Мындай чечим 17-июлда кабыл алынган.

"Болуп өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу таш кулоо кооптулугу сакталып тургандыктан, Нарын райондук администрациясынын буйругу менен убактылуу белгисиз мөөнөткө жабылды", — деп айтылат маалыматта.

Жол каттамы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу менен жүргүзүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0