04:44 16 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.5529
  • EUR102.5669
  • RUB1.1771
Коом
Кыскача шилтеме алуу
37910

Быйылкы бүтүрүүчүлөр июнь айынын аягында орто билим тууралуу аттестатын аларда, документтердин кээ бирлери ката басылып чыкканы билинген

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 2016-2017-окуу жылында орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн айрымдарынын орто билими тууралуу аттестатында кеткен каталар толугу менен оңдолуп бүтө электигин Sputnik Кыргызстан агенттигине бишкектик абитуриенттин апасы Чолпон Бакирова билдирди.

Анын айтымында, анын кызы борбор калаадагы мектеп-гимназиялардын бирин аяктаган.

"Быйылкы аттестаттардан кеткен ката бир топ ата-энелерге ыңгайсыздык жаратты. Жогорку окуу жайга документтерибизди тапшырууга барганда, биздин алдыбызда турган 15тей адамдын дагы аттестатында дал биздикиндей ката бар экен. Бизден документтин көчүрмөсүн гана алып калышты, бирок эки жумага жетпеген убакыттын ичинде оңдолгон вариантын алып барышыбыз керек. Шаарда тургандар го мейли дедик. Ал эми региондордон келгендерди бир топ убара кылышты. Жерине барып алмаштырып келүүгө убакыт жана жолго каражат кетип жатпайбы", — деди Бакирова.

Ката кетип калган документтер качан алмаштырылаарын билүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиевге кайрылдык. Анын айтымында, калган аттестаттар эртеңден баштап оңдоло баштайт.

"Аттестаттардын тиркемелеринин кагаздары атайын буюртма менен Россиянын Санкт-Петербург шаарынан келет. Бүгүн Алматы шаарында, эртең Бишкекке жетсе дароо оңдой баштайбыз. Резервдеги кагаздар менен Бишкек, Ош шаарларындагы жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарын алмаштырдык. Чет өлкөгө окууга кетип жаткан абитуриенттердикин басмаканадан дароо алмаштырып берип жатабыз", — деди Усеналиев.

Ал ошондой эле аттестаттагы майда-чүйдө каталардын кетиши жыл сайын эле болуп турган көрүнүш экенин билдирди.

"Айрым учурда "уулу", "кызы" дегендерди "овго" өзгөрткөндөрдөн ката кетет. Мындай нерсе жыл сайын эле болот. Ошол үчүн ревервге кагаз алып калып, баарын өз убагында оңдоп беребиз", — деди министрликтин өкүлү.

Эске салсак, быйылкы бүтүрүүчүлөр июнь айынын аягында орто билим тууралуу аттестатын аларда, документтердин кээ бирлери ката менен басылып чыкканы билинген. Айрымдарында бүтүрүүчүнүн аты-жөнү туура эмес жазылса, дагы башкаларында "жалпы орто билими жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз" деген сөздүн ордуна "жалпы орто билими жөнүндөгү аттестат жараксыз" деп жазылып калган.

Тема боюнча

Атамбаев акыркы жылдары мугалимдердин орточо айлык акысы төрт жолу көбөйгөнүн айтты
Россиялык сегиз студент кыргыз тили боюнча адистикке ээ болду
Белгилер:
ката, аттестат, бүтүрүүчү, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ