Чек ара кызматы 15 объекти курууда

Жазылуу
Чек ара кызматында коррупциялык иштер 2016-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу эки эсе кыскарган

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы 15 объекти куруп жатат. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Эксплуатация модернизированного контрольно-пропускного пункта Кен-Булун-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: жакында чек ара кызматындагы коррупциялык далилдер ачыкка чыгарылат
Билдирүүгө ылайык, 15-июль күнү чек ара кызматкерлеринин жыйыны өткөрүлгөн.

Анда коррупцияга каршы күрөшүүдө жүргүзүлгөн иш-чаралар туурасында айтылып, чек ара кызматында коррупциялык иштер быйыл 2016-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу эки эсе кыскарганы белгиленген.

Ошондой эле чек ара бөлүмдөрүнүн күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланып, учурда бийик тоолуу чек ара тозоттору тийиштүү күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздалганы маалыматта айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0