Өкмөт балдардын жайкы лагерлерин текшерип чыгууга камынды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөл жээкте ойноп жаткан балдар. Архив
Көл жээкте ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер-министр массалык уулануунун жана жугуштуу оорулардын алдын алуу зарылдыгына өзгөчө басым жасаган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жай мезгилинде балдар лагерлерин мамлекеттик органдар текшерип чыгуу зарылдыгын айтты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Республикада көптөгөн жеке балдар лагерлери ачылды, алардын бардык нормаларга, талаптарга жооп берерин текшериш керек. Бул жерде балдардын коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатат", — деп айткан Султанбекова.

Ал массалык уулануунун жана жугуштуу оорулардын алдын алуу зарылдыгына өзгөчө басым жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0