Мамдума КР жарандарын Россияда өз айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМигранты из КР рискуют остаться без работы в РФ из-за водительских прав
Мигранты из КР рискуют остаться без работы в РФ из-за водительских прав - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" жана административдик мыйзам бузуу мыйзамына тийиштүү толуктоолор киргизилет.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу "Коммерсант" гезити маалымдады.

Билдирмеге караганда, "Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө" жана административдик мыйзам бузуу мыйзамына тийиштүү толуктоолор киргизилет.

Производство автомобилей корейских марок на предприятии Автотор - Sputnik Кыргызстан
Автоунааңызга канча салык төлөшүңүз керек. Калькулятор
Мыйзам долбооруна ылайык, орус тили расмий статусу бар мамлекеттен келгендерге Россияда транспорт каражаттарын айдоодо өз айдоочулук күбөлүгүн колдонууга уруксат берилет.

Белгилей кетсек, 1-июндан тарта Россияда чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен транспорт айдоого тыюу салынган. Кыргызстан аталган маселе боюнча Евразиялык экономикалык комиссияга ЕАЭБдин мүчөсү катары кайрылган.

Ушундан кийин Мамдуманын КМШ иштери боюнча комитети Владимир Путинге кайрылып, КР жарандарына өздөрүнүн улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө уруксат берүү маселесин карап чыгууну суранышкан. Алар ошондой эле Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу бар экенин жүйө келтиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0