Бишкек шаарынын бир катар аймактары төрт күн караңгыда калат

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдарын оңдоо архив
Электр зымдарын оңдоо архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык кичи райондор менен жаңы конуштарда өчүрүлөт

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Борбор калаада 16-19-июлда маал-маалы менен жарык өчөрүн "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКтын маалымат кызматы билдирди.

Бул күндөрү "ТЭЦ Бишкек-Парковая-1,2" байланыш зымдарында оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Жарык төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • 16-июлда саат 8.00дөн 15.00гө чейин Чыгыш-5 аймагы (Курманжан датка жана Менделеев көчөлөрүнүн кесилиши) Төкөлдөш конушу;
  • 17-июлда саат 11:00дөн 17:00гө чейин №№3, 4, 5, 6, 7, 11, 12 кичи райондору менен Түштүк Магистраль аймактарында жарык болбойт.
  • 18-19-июлда саат 8.00дөн 19.00гө чейин Көк-Жар, Алтын-Ордо жаңы конуштарында, Полиция шаарчасында жана Ботаникалык бакта электр энергиясы болбойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0