Кыргызстан менен Өзбекстан Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачуу боюнча сүйлөшүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области
Открытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июлдун башында Ысык-Көлгө Ташкенттен түз каттам менен 200дөн ашуун адам учуп келген

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын авиаторлорунун ортосунда кезектеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргыз делегациясын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Гүлмира Абдралиева баштап барган.

"Сүйлөшүүдө Өзбекстандын шаарларынан "Ысык-Көл" Эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу, кыргыз авиакомпанияларын Өзбекстандын аймагында аккредитациядан өткөрүү жана башка каттамдардын географиясын кеңейтүү тууралуу маселелер козголду", — деп айтылат билдирүүдө.

Эйр Кыргызстан авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайга "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын 49% акциясы сунушталды
Мындан тышкары, авиациялык коопсуздук боюнча тажрыйба алмашуу, авиасистеманы модернизациялоо жана адистерди даярдоо боюнча бир катар келишимдер түзүлдү.

Эске салсак, 4-июль күнү Ысык-Көлгө Ташкенттен түз каттам менен 200дөн ашуун адам учуп келген. Бул Өзбекстандан акыркы 10 жылдан берки ишке ашкан биринчи каттам.

Жаңылыктар түрмөгү
0