Баткен: казыят муктаждарга садага эсебинен жарым миллион сомго жакын жардам кылды

© пресс-служба мэрии города БишкекПраздничный айт-намаз на старой площади Бишкека
Праздничный айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардам Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынган токтомдо көрсөтүлгөн тартипте таратылгандыгын айтышты.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткен облустук мусулмандар казыяты аталган дубандын аймагындагы балдар үйлөрүнө, медреселерге, жетим-жесирлерге, колунда жокторго 2017-жылы чогулган садака битирдин эсебинен 500 миң сомго чукул жардам көрсөттү. Бул тууралуу аталган казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев кабарлады.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Атабаев: битир-садаканы бөлүштүрүү иши менен атайын комиссия алектенет
Жардам муктаж болгон 22 үй-бүлөгө берилди. Андан сырткары Исфана шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саламаттыгын калыбына келтирүүчү "Кулунчак", Үч-Коргон көмөкчү балдар интернаты, Үч-Коргон балдар үйү, Баткен шаарындагы "Нур", Самаркандек айылындагы "Үмүт" калыптандыруу борбору, Кызыл-Кыя шаарындагы "Үмүт" балдар борбору акчалай жардам алды.

Казыяттан жардам Кыргызстан Мусулмандар дин Башкармалыгы тарабынан кабыл алынган токтомдо көрсөтүлгөн тартипте таратылганын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0