Төө-Ашуу жолундагы оңдоо иштери эмне себептен токтогонун министрлик түшүндүрдү

© Sputnik / Александр ФедоровПеревал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош
Перевал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реконструкциялоо иштерине аба ырайынын бузулушу тоскоол болгону айтылды

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясы жамгырлуу аба ырайынан улам, Төө-Ашуу жана Суусамыр аймактарындагы жолду оңдоо иштери созулуп кеткендиктен айдоочулардан түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүндү.

Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Төө-Ашуу менен Суусамырдын жолуна асфальт төшөлө баштады
Бүгүн Төө-Ашуу жана Суусамыр аймагындагы жолду оңдоо иштери убактылуу токтотулду.

Реконструкциялоо иштери күн ачылары менен башталат.

Учурда Бишкек — Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы132-138-чакырымына жети сантиметр калыңдыктагы асфальт төшөлдү. Суусамыр өрөөнүндөгү 148-152-чакырымына калыңдыгы жети сантиметрге жеткен жаңы бетонду төшөө үчүн эски жолдун үстүңкү катмары кырылып жатат.

Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы бул дирекция Технология боюнча жаан-чачын маалында асфальт төшөөгө болбостугун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0