Премьер газ станцияларынын өрт коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүнү талап кылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевРабочее совещание по обеспечению пожарной безопасности при эксплуатации газобаллонного оборудования
Рабочее совещание по обеспечению пожарной безопасности при эксплуатации газобаллонного оборудования - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын текшерүү учурунда экологиялык жана техникалык коопсуздуктун 233 эреже бузуулары аныкталган

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков газбаллон жабдыктарын колдонууда өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы газбаллон жабдыктарын колдонуудагы жоопкерчиликсиз мамиле жана коопсуздук техникасын бузуу адам курмандыктарына алып келгенин белгиледи.

Газ баллондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суунун Нариман айылында кафеде газ баллон жарылып, ашпозчу каза болду
Белгилей кетсек, 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында май куюучу газ баллон жарылган. Анын кесепетинен 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Алардын бири 22-июндун таңында көз жумган. 23-июнь күнү бейтаптар Бишкектеги Күйүк борборуна алып келинип, алты күндөн кийин терисинин 65 пайызы күйүп калган киши каза болгон.

Жээнбеков мындай кырсыктар көп учурда айрым жарандардын жана жеке ишканалардын газ жабдыктарын сатуудагы мыйзамсыз иш-аракетинен улам келип чыккандыгын белгиледи. Мындан тышкары, газ станциялары талап кылынган коопсуздук нормаларына туура келбей турганын айтты.

"Жылдан-жылга баасынын арзанына карап, унааларына газ жабдыктарын орноткон айдоочулар көбөйүүдө. Мындан улам газ станцияларынын саны да көбөйүүдө. Буга байланыштуу биз бул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек", — деп белгиледи ал.

Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Турсунбеков: Ананьево айылындагы кырсыктын себеби тыкыр иликтениши керек
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өлкөнүн аймактарында газдын жарылуусуна байланыштуу өзгөчө абалдардын кесепетин жоюу натыйжалары тууралуу маалымат берди. Анын билдиришинче бул окуялардын негизги себептери – газ-тиричилик буюмдарын туура эмес колдонуу жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабоо.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков бүгүнкү күндө өлкөнүн аймагында 116 унаа газ станциялары иштей турганын айтты. Атайын текшерүү учурунда экологиялык жана техникалык коопсуздуктун 233 эреже бузуулары аныкталган. Мындан тышкары, 10 унаа газ станцияларынын иши убактылуу токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0