Түркияда кыргыз кызды интимдик катнашка барбагандыгы үчүн сабап салган адам соттолууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСот залындагы айыпталуучу. Архив
Сот залындагы айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары кызды 400 лирага сатып алды делген 49 жаштагы түрк жараны кармалган

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кечээ Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык кызды сойкулукка мажбурлап жана мыкаачылык менен сабады деген киши боюнча кезектеги сот отуруму болгондугун теле алып баруучу Ассоль Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Эске салсак, 2016-жылдын декабрь айында Анталья — Коркутели унаа жолунда катуу сабалып, эсин жоготкон кыз табылган. Кийин ал кыргызстандык экени белгилүү болгон.

Сойкулук кызмат көрсөткөн айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда иштеген кыргызстандык кыз. Бир айдагы 120 кардар жана 5000 доллар карыз
Молдокматованын айтымында, аны Түркияга иштөөгө таанышы чакырган. Бирок, аны убадаланган жакшы жумуштун ордуна сутенерго 400 лирага сатып жиберген.

Иликтөө маалында белгилүү болгондой, кызды 49 жаштагы түркиялык адам сатып алган. Ал эми кыз интимдик байланышка баруудан баш тартканда мыкаачылык менен сабап туруп, жолго ыргытып кеткен. Аны жолдон бараткандар таап, ооруканага алып барышкан.

Кийин кыздын абалы турукташканы менен денесинин оң жагы кыймылдабай калган. Кыргызстандык кыздын жактоочулары зомбулук көрсөткөн адамга жогорку деңгээлдеги жаза берүүнү талап кылып жатышат.

Соттун акыркы чечими 7-сентябрда чыгары айтылууда. Ага чейин шектелүүчү убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0