Бишкектин бир катар аймактарында 11 күнгө газ өчөт. Тизме

© AFP / DAMIEN MEYERГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көгүлтүр от 13-июль күнү Баткен жана Чүй облусунун айрым аймактарында, ал эми 17-июлдан 28-июлга чейин Бишкек шаарынын кээ бир бөлүктөрүндө өчүрүлөт.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым аймактарына 11 күн көгүлтүр от берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-июлдан 28-июлга чейин Бишкек шаарынын Ак-Тилек, Чоң Чүй каналы райондорундагы Махатма Ганди, Саадаев, Мыскал, Сейил, Малышев, Күрөңкеев көчөлөрүндө жана Илийский жана Беломорский тар көчөсүндө газ жок болот.

"Ал эми 13-июль күнү эртең мененки саат 8.00дөн 17.00гө чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунун Октябрдын 50 жылдыгы, Торговая, Индустриальная, Краснодар көчөлөрү көгүлтүр отсуз калат", — деп жазылат маалыматта.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0