Атамбаев коңшу өлкөлөрдүн биринчи айымдары кыргызстандык дизайнерден кийинерин айтты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДом моды Маши Цыгаль
Дом моды Маши Цыгаль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы кошуна өлкөлөрдүн президенттеринин жубайлары Кыргызстанга келген сайын Бишкектеги мода үйлөрүнүн бирине сөзсүз баш багышарын баса белгиледи

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев башка мамлекеттердин президенттеринин жубайлары менен кыздары кыргызстандык дизайнердин кийимдерин тандай турганын мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди.

Ал өз сөзүндө сыйлык алып жаткандардын арасында дизайнер Дильбар Ашимбаева да бар экенин айтты.

"Бизге башка мамлекеттердин президенттери келгенде алардын аялдары менен кыздары бул дизайнердин мода үйүнө сөзсүз түрдө баш багышат", — деди Атамбаев.

Президент бул жакшы көрсөткүч экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0