Атамбаев: башыңар жарылгыча сыйынгыча билим алууга көңүл бургула

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент өлкөнүн келечеги күчтүү жана билимдүү коомдо экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып жарандарды билимди жогорулатууга чакырды.

Ал ошондой эле өлкөнүн келечеги кең экенин баса белгилеп, Мухаммед пайгамбардын бир саат илим менен алектенүү бир түндүк сыйынууга барабар деген кебин эскертип өттү.

"Башыңар жарылгыча сыйынгыча билимди жогорулатуу менен алектенгиле", —деди Атамбаев.

Президент ушундай аракет гана ислам дини менен араб маданиятын чаташтыруудан сактай турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0